Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Кемпир-Абад: Айдарбеков комитет төрагалыгынан алынабы?


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Депутат Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу аракеттери көрүлүп жатканы белгилүү болду. Буга өткөн аптада атайын комитетте каралган кыргыз-өзбек чек арасына байланышкан келишим долбоору себеп экени айтылып жатат. Парламент бул боюнча комментарий бере элек.

Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү.

Эл өкүлү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү ийне-жибине чейин билбей туруп же документтерди көрбөй, чечимге кол коюу туура эмес экенин айтууда. Комитеттин чечими бир жаңсыл болуп чечилбей жаткандыктан, аны төрагалыктан алуу аракети башталганын четке каккан жок.

“Мен бул маселе (ред: Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына байланыштуу) боюнча комитеттин чечимине кол койбогондуктан, мындан ары эмне кылыш керек деген суроо турат. Анын ичинде мен боюнча да маселе талкууланып жатат. Мен комитеттин жыйындарын башынан аягына чейин регламенттин негизинде өткөрүп келатам. Комитетке документтер качан түштү, кандай документтер келди, так маалымат берем. Ал эми Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган болгондуктан, чечимди көпчүлүктүн добушу менен кабыл алат. Комитетте да ушундай эле тартип. Бардык процедуралар регламент менен болушу керек”, - деди ал.

Чыңгыз Айдарбековдун сөзүнө караганда, чек ара келишимине кыргыз-өзбек президенттери кол койгон соң, документ Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринде каралып, андан кийин жалпы жыйынга ратификацияга алып келинет.

10-октябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Чыңгыз Айдарбеков жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, алтоо колдоп, төртөө каршы добуш бергенин кабарлаган.

Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин мүчөсү Шайлообек Атазов да Чыңгыз Айдарбековду төрагалыктан алуу иштери башталганын бышыктады.

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

“Чыңгыз Айдарбековду кызматтан алуу боюнча маселе карала элек. Бирок фракциялар ушул маселени карап атканы тууралуу маалыматтар келди. Эгерде фракциялар сунушту жалпы жыйынга алып келсе, анда ал көпчүлүк добуш менен чечилет. Чыңгыз Айдарбеков азыр өзүнүн эле ордунда иштеп атат. Кемпир-Абад боюнча алты депутат колдоп, төрт депутат каршы добуш берген деген туура эмес. Жети депутат колдогон. Силер билгендей, бир күндө комитет үч жолу жыйынга чогулду. Добуш берүү кол көтөрүү менен болгондуктан, ким кандай добуш бергени да туура эмес айтылып атат. Азыркыга чейин комитеттин чечимине кол коюла элек. Ким колдоп, ким каршы чыкканы да толук тактала элек”.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечимине анын төрагасы же орун басарлары кол койсо болот. Чыңгыз Айдарбековдун үч орун басары бар – Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова жана Айбек Осмонов. Чолпон Султанбекова 17-октябрда журналисттерге ал да чечимге кол койбой турганын билдирди.

“Комитеттин чечимине кол коюла элек. Ошондуктан эч нерсе айта албайм. Бизде комитеттин төрагасынын үч орун басары бар. Мен кол койбойм”, - деди Султанбекова.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты, сөз болуп жаткан комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Кемпир-Абаддын маселеси боюнча комитеттин чечими жок. Бул - бир. Комитеттин чечими чыккан кезде да ал мыйзамсыз. Бул - эки. Тиешелүү комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков чечимге кол койбой койду. Азыр да кол койбой жүрөт. Орун басары койсун деп атат. Орун басары да кол койбой койду. Эми Чыңгыз Айдарбековду кетиребиз деп эки күндөн бери интрига болуп атат”.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.

Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет. Ташиев суу астындагы жерди алып калууга аракет кылганын, бирок Өзбекстан тарап мындай шартка 19 699 гектар жерди кайтарып алган учурда гана макул болорун билдирген.

Ал долбооруна ылайык, Кыргызстандын картасы 15 806 гектар жерге кеңейерин жарыялаган. Мындан тышкары Кыргызстан 1965-жылы Кемпир-Абад курула баштаганы Өзбекстандан Ала-Бука (1307), Аксы (571), Ноокен (1088), Араван(148) жана Кадамжай (1013) райондоруна 4127 гектар жер алганын, аларды кошкондо жалпы жонунан 19 699 гектар жер Кыргызстанга өтүп жатканын кошумчалаган.

Негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар былтыркы жылдан бери өтүп келатат.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында 15-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өтүп, анын катышуучулары суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана демаркация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылышты. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссияны кайрадан түзүү талабы айтылды.

Анда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлдү. Резолюцияда чек араларды делимитация жана демаркация маселелери боюнча протоколдорду инвентаризациялап, элге жарыялоо, 36, 39 жана 42-протоколдорду жокко чыгаруу, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылышта келтирилген чыгымды калыбына келтирүү үчүн комиссия түзүү талабы да камтылган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети көпчүлүк добуш менен жактырган кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен эки тараптуу келишимдин долбооруна эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG