Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кемпир-Абад суу сактагычы кантип башкарылат?


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери эки өлкө ортосундагы чек ара жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте колдонуу боюнча документтерге кол койду.

Кыргызстанда соңку айлардагы башкы темага айланган кыргыз-өзбек чек арасынын калган бөлүгүн тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы дипломаттарынын Бишкектеги жолугушуусунда талкууланды.

Чек ара: Өзбекстан менен расмий жараян башталды

Коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри катары Кыргызстанга расмий сапар менен келген Владимир Норов 3-ноябрда Бишкекте кыргыз министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду.

Владимир Норов жана Жээнбек Кулубаев.
Владимир Норов жана Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, эки өлкө ортосундагы чек ара жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте колдонуу боюнча документтерге кол коюлду.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Мындан сырткары суу чарба, архив, дипломатиялык билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө бир катар документтерге кол коюлган.

Мындай жол менен коңшу өлкөнүн башкы дипломатынын сапарында кыргыз-өзбек чек арасын толугу менен тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эки өлкө ортосундагы расмий жараян башталды.

Муну Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев ырастап, "Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр бүттү десек болот. Жогорку Кеңеште бул документ ратификация болсо, толугу менен чекит коюлат", - деп билдирди.

Бирок Жогорку Кеңешке ратификацияга чейин эки өлкөнүн президенттери тиешелүү келишимдерге кол коюшу керек. Бул жараян өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында болушу мүмкүн экени айтылып келген. Мирзиеевдин Бишкекке сапар менен келери айтылганы менен анын так датасы көрсөтүлө элек. Владимир Норов Бишкекте бул сапарга даярдыктар тууралуу дагы сүйлөшкөн.

Талаш менен коштолгон жараян

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселе соңку айларда курч талкууланып, кызуу талаш-тартыштар менен коштолду.

Расмий бийлик СССР учурунда курулган суу сактагычты Өзбекстан менен биргелешип пайдалануу жана эки өлкө ортосундагы тактала элек участоктор боюнча мунаса табылганын жарыялап, муну Кыргызстандын кызыкчылыгындагы иш деп атап келет.

Кемпир-Абад боюнча Бишкектеги акциядан бир көрүнүш. 24-октябрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад боюнча Бишкектеги акциядан бир көрүнүш. 24-октябрь, 2022-жыл.

Бирок суу сактагыч жайгашкан Өзгөн районунун айрым тургундары, бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер бул келишимге каршы чыгып, бийликти Кемпир-Абадды коңшу өлкөгө өткөрүп жатат деп сынга алууда. Бул боюнча Өзгөндө, Бишкекте бир нече нааразылык акциялары өттү.

Өткөн айда бир нече оппозициячыл маанайдагы саясатчы, активисттер "Кемпир-Абадды сактоо боюнча" комитет түзүлгөнүн жарыялаган. Эртеси күнү эле Ички иштер министрлиги аталган адамдар "массалык башаламандыкты уюштурууга даярданган" деген негизде иш козгоп, 25тен ашык адам эки айга камалды. Камалгандар жана алардын тарапташтары жапырт кармоолорду "саясий куугунтук" деп атады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычы жана андагы сууну биргелешип башкаруу боюнча келишимдин долбоорун карап жактырган эле. Бул иш да талаш-тартыш менен коштолгон.

Тагыраагы, Кемпир-Абад боюнча биринчи келишимдин долбооруна комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Айдарбеков комитет төрагалыгынан алынып, ыйгарым укуктуу элчи деген дипломатиялык макамынан ажыратылды.

Дал ушундай шартта оппозиция бул келишимге кол коюну токтотууга чакырып келди. Соңку жолу 2-ноябрда парламенттеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кыргыз-өзбек чек арасын тактоо ишинде Кемпир-Абад маселесине мораторий киргизүүнү сунуштаган эле.

"Президент балким, жакшы ниет менен чек араны толук чечейин, кошуналар менен ынтымакта бололу, чек ара чыры чыкпасын деп ойлоп аткандыр. Бул жакшы. Бирок бул жакшы ой деле адашпастыктын кепилдиги эмес да. Ошондуктан шашпаш керек. Мен башка маселелер боюнча эл аралап келдим. Бирок көпчүлүк ушул маселе боюнча кайрылып, кыжалат болуп жатат. Казино боюнча мыйзамга каршы болдук. Ал өтүп кетти. Бирок аны кийин оңдоп кетсек болот. Чек ара болсо бир чечилет. Андан кийин оңдоп коё албайбыз да. Ушундан улам шашпай турсак. Элдин нааразылыгына карабай чечим кабыл алып койгондо жыйынтыгы жакшы болбой калат”.

Бийлик оппозициянын мындай сунуштары негизсиз экенин белгилеп келген.

Президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү Өзбекстан менен соңку сүйлөшүүлөрдү Кыргызстан үчүн чоң олжо, түпкүлүгүндө туура чечим катары сыпаттаган. Муну Кемпир-Абад боюнча жолугушууларда, мамлекеттик медиага маектеринде бир нече жолу ырастады.

Бирок бул жолугушуулар жабык өткөрүлүп, түшүнбөстүк жаралып келген.

Чек ара боюнча адис Саламат Аламанов Кемпир-Абаддын буга чейинки таржымалына токтолуп, Өзбекстан аны куруудагы милдеттемелерин аткарбай келгенин айткан эле.

"Буга чейин Өзбекстан Соол-Жээк каналын курбай жатканына нааразылык билдирип, соңку сүйлөшүүлөрдөн күмөн санап жаткан жлем. Бирок соңку түшүндүрмөлөрдү бир катар жерлерди каналдын ордуна Кыргызстанга берилгенин уктум. Демек, туура кылышкан. Себеби, азыркы реалдуу шартты карап, чек араны чечүү чечими кабыл алынышы керек"-деген пикирге келгенин "Азаттыкка" билдирди.

Кемпир-Абад – совет доорунда Өзбекстандын пахта аянттарын сугаруу үчүн коңшу өлкөнүн каражатына курулган суу сактагыч. Анын курулушу 1969-жылы башталып, 1983-жылы бүткөрүлгөн. Ага Куршаб, Кара-Дарыя, Заргер дарыялары куят.

Сууну бууп турган дамбанын бийиктиги 105 метрге жетип так ортосунан кыргыз-өзбек чек арасы өтөт. Дамбанын Кыргызстанга таандык бөлүгүндө Өзбекстандын эки ГЭСи бар.

Кемпир-Абаддан Өзбекстандын 2 миллион гектардай айдоо жерине суу берилип, ага жакын райондордогу тургундары таза суу ичет.

Кыгызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы же 85 пайызы толугу чечилип, документтештирилген. Андан бери дагы 10% ашыгы ооз эки такталганы кабарланган, бирок расмий келишимге кол коюла элек болчу. Эми бийлик бул маселеге толугу менен чекит коюну көздөөдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG