Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:33

Эркин соода, аймактык бүтүндүк: Самарканд саммитиндеги чечимдер


Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжан президенттери, байкоочу өлкөлөр Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.
Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжан президенттери, байкоочу өлкөлөр Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун IX саммити өттү. Былтыр аталышын өзгөрткөндөн кийинки алгачкы жыйынды тектеш өлкөлөрдүн кызматташтыгынын жаңы барагы катары сыпатташууда.

Жети өлкөнүн лидерлери катышкан саммитте буга чейин жарыяланган Түркмөнстан толук кандуу мүчө катары уюмга кошулбай, эл аралык коомчулук тааныбаган Түндүк Кипрдин макамы боюнча түшүнбөстүк жаралды. Жети өлкөнүн лидерлери катышкан саммитте түрк тилдүү өлкөлөрдүн алакасынан сырткары дүйнөдөгү жана аймактагы курч көйгөйлөр талкууланды.

Былтыр аталышын өзгөртүп, Түрк кеңешинен Түрк мамлекеттер уюму деп кайра түзүлгөн бирикменин бул жолку жыйыны “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу өнүгүүгө биргеликте кадам” деген ураан алдында уюштурулду. Ага уюмга мүчө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу өлкөлөр Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.

Экономикага көңүл бурулган саммит

Жыйынды өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ачып, акыркы саммитти түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгындагы жаңы барактын ачылышы катары сыпаттады. Ал дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыкты чыңдашы керектигин кошумчалады.

Мирзиёев уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык жааттагы кызматташтыкта мүмкүнчүлүктөр толук кандуу колдонулбаганын, азыркы бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүнү жана эркин соода жүргүзүү келишимин түзүүнү сунуштады.

Саммитте түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы экономикалык алакага өзгөчө көңүл бурулду. Бул маселеге уюмдун дээрлик бардык өлкөлөрү токтолуп, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн соода, транспорт байланыштарын чыңдоо зарылдыгын белгилешти. Уюм алкагында Инвестициялык фонд түзүү демилгеси көтөрүлдү. Фонддун жетекчилигине буга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болгон казакстандык дипломат Багдат Амреевдин тандалганы белгилүү болду.

Буга чейин кыргыз парламентинин мүчөлөрү жаңы түзүлгөн Инвестициялык фонддун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууну сунушташып, кыргыз өкмөтүнө бул жаатта талаптарын айткан эле. Бирок Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев фонддун кайда жайгашары тууралуу чечим кабыл алына электигин “Азаттыкка” ырастаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров болсо саммиттеги сөзүндө бирикмеге мүчө өлкөлөр ортосунда транспорттук байланыштарды күчөтүүнү сунуштады. Ал бул жаатта Кыргызстан бир катар демилгелер менен чыгып жатканын белгилеп, ага мисал катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун ишке ашыруу планын атады.

“Жакын арада биз "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоону пландаштырып жатабыз. Бул долбоор батыш өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү менен бирге, Транскаспий транспорттук маршрутунун иштеп жаткан темир жол линияларын жана автомобиль байланыштарын толуктайт”,-деп билдирди.

Саммиттин чечимдери, ТМУнун башына Өмүралиев тандалды

Саммиттин жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери беш документке кол койду. Алар:

  • Түрк мамлекеттер уюмунун IX саммитинин Самарканд декларациясы;
  • "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна" өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;
  • "Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси" жөнүндө чечим;
  • "Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы" жөнүндө чечим;
  • "Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо" жөнүндө чечим.

Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы баш катчысы болуп кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев тандалды. Жыйын жүрүшүндө кыргыз президенти Садыр Жапаров Өмүралиевдин талапкерлигин тааныштырып жатып:

"Өмүралиевдин кесипкөйлүк жана инсандык сапаттары биздин уюмубуздун дараметин мындан ары чыңдоого жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишеним артабыз”,-деп белгиледи.

62 жаштагы Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Дубайдагы консулу, Беларус жана Түркиядагы элчиси болуп иштеген. Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы мүчө өлкөлөр арасында алфавит боюнча кезек менен тандалат. Буга чейин уюмду үч жыл бою казак дипломаты Багдат Амреев жетектеген.

Түркмөнстан толук кандуу мүчө болгон жок

Бул жолку жыйында Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчө болуп кошулары кабарланып жаткан. Муну быйыл сентябрда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирип, Самаркандда бирикменин мүчөлөрү көбөйөрүн сүйүнчүлөгөн.

“Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин уюмга байкоочу болгон өлкө Самарканддагы саммитте толук кандуу мүчө болуп кирет. Муну менен түрк тилдүү үй-бүлөбүздү толуктайбыз”.

Бирок бул жолку жыйында Түркмөнстандын мүчөлүгү жөнүндө сөз болгон жок. Түрк министринин эки ай мурунку маалыматы эмнеге ишке ашкан жок, ага эмне себеп болгонун эч ким түшүндүргөн жок.

Дегеле бул жолку саммитте уюмга байкоочу өлкө деген макам боюнча түшүнбөстүктөр жаралды. Өз сөзүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйнөлүк коомчулук тааныбаган Түндүк Кипр өлкөсү уюмга байкоочу деген макам берилгенин жарыялаган. Муну түрк президенти аталган аймакка туугандык колдоо деп түшүндүргөн.

“Туугандык укугубузду колдонуп, Түндүк Кипрди уюмубузга байкоочу мүчө болушун кабыл алдык. Түрк дүйнөсүнүн айрылгыс бөлүгү болгон кипрдик туугандарыбыздын жалгыз эмес экенин көрсөтүшүбүз керек”,-деди Эрдоган.

Түндүк Кипр - Кипр аралындагы дүйнөлүк коомчулук тааныбаган өлкө. Анын эгемендигин Түркия гана тааныган.

Бирок саммиттен кийинки брифингде Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Эрдогандын айткандарына түшүндүрмө берип, аны сылык түрдө четке кагууга аргасыз болду.

“Саммит соңунда Түндүк Кипр боюнча эч кандай өз алдынча чечимге кол коюлган жок. Өзбекстан эл аралык укуктун нормаларын сактайт, айрыкча өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгү жана эгемендиги жаатында”,-деп билдирди.

Токаев аймактык бүтүндүк маселесин козгоду

Аймактык бүтүндүк демекчи, саммиттин жүрүшүндө дал ушул маселени Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев көтөрүп, бардык өлкөлөр БУУнун уставын кынтыксыз аткарышы керектигин белгиледи:

“Бул биздин өлкөнүн негизги кызыкчылыгына толугу менен дал келген керектүү принцип. Буга байланыштуу дал ушул принципке артыкча көңүл бурабыз”,-деди.

Токаевдин тектеш мамлекеттердин жыйында бул маселени көтөрүп жатканы бекеринен эмес. Анткени Орусия менен чек аралаш Казакстан үчүн Москва Украинанын төрт аймагын аннексиялаган учурда өзгөчө маанилүү болуп турат.

Буга чейин да Токаев расмий Астана Донбасстагы “элдик республика” аталган түзүлүштөрдү тааныбай турганын ачык айтып келген.

Саммит жүрүшүндө орус-украин согушуна түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган токтолду. Ал тогуз айдан бери уланып жаткан жаңжалды токтотуу үчүн расмий Анкара бардык аракетти көрүп жатканын билдирди.

Ал эми уюмга байкоочу катары катышып жаткан Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан украин маселесиндеги Европа Биримдигинин аракетин сынга алып, түрк тилдүү мамлекеттерди бул жаңжалда тынчтык орнотуу үчүн аракет кылууга чакырды.

Алиев аяр маселени козгоду

Азербайжандын президенти Илхам Алиев болсо адатка айлангандай Тоолуу Карабак маселесин козгоп, эки жыл мурунку жеңишин кайрадан эске салды. Ал тектеш өлкөлөрдүн жетекчилерин Карабакка сапар менен келүүгө чакырды.

Муну менен катар азери лидери дагы бир аяр маселени көтөрүп, башка өлкөлөрдө жашаган түрк тилдүү улуттардын таламын талашууга чакырды.

“Түрк дүйнөсү эгемендик өлкөлөрдөн эле турбайт. Биз башка өлкөлөрдүн курамындагы түрк тилдүү улуттардын башка элдерге ассимиляция болуп кетпеши үчүн аракет кылышыбыз керек”,-деди.

Буга мисал катары Алиев Азербайжандан башка өлкөлөрдө жашаган 40 миллиондон ашык азерилерди атады.

Айрым адистер Илхам Алиев көтөргөн маселе азерилерге эле тиешелүү эмес, аймактагы негизги оюнчу саналган Орусияга кыйыр түрдө болсо таасири тиерин белгилешет. Анткени бул өлкөдө түрк тилдүү саналган бир нече улуттар байырлашат. Ошондуктан саммитте айтылган демилгени Орусия кандай кабыл алары белгисиз.

Орус бийлиги Орто Азиядагы өлкөлөрдүн өз алдынча бирикмеге биригип, Түркия менен кызматташканына расмий каршылык билдирбесе да Кремлге жакын маалымат каражаттары бул демилгени сындаган макалаларды жарыялай калып жүрөт. Андай макалалар саммит алдында жарыяланып, анда түрк өлкөлөрүнүн бирдиктүү алфавит иштеп чыгаруу аракетине арналды.

Быйыл октябрда Түрк мамлекеттер уюму бирдиктүү алфавит иштеп чыгуу боюнча комиссия түзгөн эле. Анын курамына тил саясатын жүргүзгөн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирип, алгачкы жыйыны Кыргызстанда өтөрү айтылган. Бирок бул жолку саммитте бирдиктүү алфавит иштеп чыгуу боюнча дээрлик сөз болгон жок.

Уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирип, былтыртан бери Түрк өлкөлөрүнүн уюму деп атала баштаган. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып келет.

Жапаровдун Самарканд сапары

Президент Садыр Жапаровдун Түрк өлкөлөрүнүн уюмунун саммитине катышуу үчүн Самаркандга келиши кыргыз-өзбек мамилесинин маанилүү учуруна туш келди. Эки өлкөнүн жетекчилиги ортодогу чек ара толугу менен тактап, аны ратификациялоо аракетин улантууда.

Өткөн аптада Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов расмий сапар менен Бишкекке келип, кыргыз-өзбек чек арасынын калган бөлүгүн тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычындагы сууну пайдалануу боюнча макулдашууларга кол койгон.

Дал ушул чек араны тактоодогу Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе Кыргызстанда кызуу талкууларга жем таштап, оппозиция жана айрым тургундардын нааразылыгын жаратууда.

Бул сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен жекеме-жеке жолугашканы кабарланган жок. Президенттин администрациясынан Өзбекстан менен эки тараптуу жолугушуулар өтпөгөнүн билдиришти.

Мындай жол менен кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга белгиленген сапарында талкууланары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG