Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Кремлдин Ташкентке каршы маалымат чабуулу


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Соңку күндөрү орусиячыл айрым Телеграм-каналдар жана сайттар Кремлдин пропагандасына ыктаган макалаларды жарыялашууда. Анда Өзбекстандын айрым активисттери, серепчилер, Мирзиёевдин администрациясынын өкүлү "Орусияга каршы маалымат өнөктүгүн баштады" деп айыпталган.

2-ноябрда "Азия сегодня" Телеграм-каналында "Өзбекстандын маалымат мейкиндигиндеги ачык русофобия" деген макала жарык көрдү.

Ошол эле күнү “Собственный корреспондент” сыяктуу башка орусиячыл Телеграм-каналдарда Өзбекстан президентинин администрация башчысынын орун басары Комил Алламжонов тууралуу макала жазылды.

Анда Алламжоновдун өткөн айда Ташкентке барган АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди Трюдо менен жолугушуусу тууралуу баяндалган.

"Алламжонов өзбек саясатындагы жагымсыз фигура, русофобиялык көз карашы жана Орусия жүргүзгөн атайын аскердик операцияга терс мамилеси менен белгилүү", - деп жазылган анда.

Мамдепартаменттин расмий өкүлү Ташкентке баргандан кийин дароо эле "Алламжоновдун көзөмөлүндөгү" жалпыга маалымдоо каражаттары жана блогерлер русофобиялык маанайдагы макала жана сюжеттерди ачык жарыялай баштаганы белгиленет.

Белгилүү өзбекстандык блогер жана жарандык активист Никита Макаренко орус медиа мейкиндигинин өзбек коомчулугуна таасири күч экенине токтолгон.

"Акыркы убакта алар интернетке кандайдыр бир кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат, бирок орусиялык медиа күчтөрүнүн өзбек көрүүчүлөрдүн аң-сезимин толук башкарууга мүмкүнчүлүктөрү бар экени чындык. Мунун улуттук коопсуздукка чоң коркунучу бар деп ойлойм", - деген Макаренко учурда Өзбекстанда Кремлдин үгүтүнө каршы күрөштө “оң өзгөрүүлөр” бар деген ою менен бөлүштү.

"Азыр бизде эки америкалык канал – CNN жана Bloomberg, британиялык BBC, кытайлык CGTN жана түркиялык TRT Avaz бар. Бул каналдардын пайда болушу кокусунан эмес. Маалымат талаасы күрөшсүз эле багынып берди".

Ал ошондой эле Өзбекстандын мамлекеттик телеканалдары дагы эле Украина темасын "айланып өтүүгө аракет кылып" жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй айрым блогерлер өкмөткө кайрылып, Өзбекстанда орус телеканалдарына тыюу салууну талап кылышкан.

Белгилүү журналист жана блогер Элдор Асанов Кремль Украинага каршы “аскердик агрессиясын” айыптаган өзбек басылмаларын да көзөмөлдөөгө аракет кылып жатканын белгилеп, муну “жийиркеничтүү чабуул” деп сыпаттаган.

Көз карандысыз серепчи жана саясат таануучу Камолиддин Раббимов Орусия маалымат мейкиндигин жоготпоо үчүн Борбор Азияда кысымды күчөткөнүн, андыктан Өзбекстан өкмөтү да бул чабуулга каршы күрөштү эбак башташы керек экенин айтууда.

"Негизи Өзбекстандын жана Борбор Азиянын маалымат чөйрөсүндө Орусиянын пропагандасы дайыма үстөмдүк кылып келген. Биз ага Украина согушунан кийин гана көбүрөөк көңүл бура баштадык. Менин байкашымча, согуш башталганда Өзбекстандын элинин 85% ашыгы орусиячыл жана путинчил болчу. Кийин көрсөткүч кыйла азайды".

Ал эми Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамовдун пикиринде, Кремлдин Өзбекстандын жарандык коомуна жана өкмөтүнө кысымы жаңы деңгээлге чыкты.

"Орусиянын пропагандасы ого бетер агрессивдүү боло баштады. Алар бир жагынан Мирзиёевди жана Сенаттын спикерин медаль менен сыйлашса, экинчи жагынан жарандык коомдун активдүү өкүлдөрүнө кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Кысымдын күчөшүнө Өзбекстандын эл аралык телеканалдарга мүмкүнчүлүк бергени себеп болууда. Өзбекстанда Орусияны сындагандардын саны өсүүдө жана бул орус өкмөтүн тынчсыздандырууда".

Илхомовдун баамында, ушундай жол менен Москва Мирзиёевди Өзбекстанда цензураны кайра киргизүүгө үндөп жатышы мүмкүн. Ал "Мирзиёев Орусиянын пропогандасына туруштук бере аларына ишенбейм" дейт.

Расмий Ташкент Телеграм-каналдардагы макалалар тууралуу комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG