Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

"Эфирге чыгуу эрежесин баары сакташ керек"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактабагандыгы үчүн бир нече телеканалдарга аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга убактылуу тыюу салды.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамда белгиленген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ушундай чечим кабыл алынган.

Жаңы жыл алдында аталган мыйзамда белгиленген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн текшерүүнүн жыйынтыгына таянып Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда имшердигин жүргүзүп жаткан "8-канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдарын аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга тыюу салганын жарыялады. Министрдин орун басары Чынгыз Эсенгулов мындай чечим жөн жай кабыл алынбаганын, буга чейин да эскертүү берилип, кемчиликтер четтетилбегенин айтат.

“Телеканалдардын эфирлерин текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталган. Анын жыйынтыгында телеберүүлөрдү чагылдыруу боюнча уруксаты ушул жылдын 20-мартына чейин токтотулган. Билгениңиздердей эле, документти биз жокко чыгарбайбыз. Ал арыздын негизинде, же соттун чечими менен гана жокко чыгат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги телеканалдарды өчүрүп жатат деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Биз болгону телеканалдардын чагылдыруу уруксатын убактылуу токтоттук. Мыйзам бузуулар жоюлса аларга кайра эфирге чыгууга уруксат берилет. Биз укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин мыйзам эрежелери баарыбызга бирдей болуп аны аткарышыбыз керек. Анын ичинде “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамды дагы”, - деди ал.

Мыйзам талабын аткарбагандар

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдагы жобонун 31-пунктуна ылайык, мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдар мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарды сактабагандыгы аныкталган.

Бул жылы министрлик "8-канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдарына обого чыгууга убактылдуу чектөө киргизгенден тышкары "РЕН ТВ" (ЭМТВ) телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чыгууну токтотот” деп кабарлады.

Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын маалымат кызматы Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай кабарлама албаганын билдирип, жергиликтүү мыйзамдарды сактап келишкенин кабарлады.

“Биз кырдаалды талдайбыз, өлкөдө иштеген ЖМКлар үчүн маалыматка жана эркиндикке бирдей мүмкүнчүлүк сакталат деп ишенебиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча убактылуу чектөө киргизилген телеканалдардын өкүлдөрүнөн пикир алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзам 2007-жылы кабыл алынып, 2017-жылкы редакциясына ылайык бир топ талаптар каралган. Мыйзамдын 8-беренесинде программалардын жана телерадио берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү берүүлөрдөн турууга тийиш, берүүнүн кеминде 50 пайызы мамлекеттик тилде болот деп каралган.

“Журналисттер коомдук бирикмесинин” жетекчиси Марс Тулегенов өлкөдөгү ЖМКлардын иши, шарты жана талабы бирдей болмоюн нараазылыктар боло берерин айтат. Андан сырткары министрликтин бул чечимин саясатка аралаштырган туура эмес экенине токтолду:

“Башында ар бир мекеме ишмердиги боюнча мамлекеттен уруксат алып жатканда талаптар каралат. Өз ишмердиги боюнча мыйзамды аткарабыз деп уруксат алат, же башында эле мыйзамды аткарбайбыз деп айтышы керек болчу. Бул жерден биз кандайдыр бир сөз эркиндигин чектөөнү көргөнүбүз жок. Анткени жергиликтүү медиамекемелер ошол талаптарды сактап иштеп жатышат. Которушса да эптеп акча таап мээнет жасап жатышат. Анан эч аракет кылбай эле иштеп жатышса беркилер нааразы болушат да. Буга чейин да нааразылыктар айтылган эле. Эске алчу бир жагдай, мамлекет жардам берип колдоп, иштетип, мыйзамдагыдай контенттерди жасатыш үчүн буюртма бергенге мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Телеканалдар да өтө эле акчалуу болуп кетти деп айтканга болбойт, аларда да мүмкүнчүлүк эптеп иштегенге өп-чап жетет”.

НТС телеканалынын директору Миржан Балыбаев министрликтин чектөөсүнө кирген каналдар боюнча буга чейин да талаптар көтөрүлгөнүн айтат. Ал мыйзам талабы баарына бирдей болгондуктан эрежени сактабагандар ишин токтоткону жакшы деген пикирде. Балыбаев ошол эле учурда айрым каналдар мыйзамдын талабын аткаруу үчүн акча коротуп контент даярдап жатса, айрымдары башка телеканалдардын продукциясын чагылдырып эле жарнамалардан акча табуу менен алек болуп жатканын билдирди.

“Жалпы телемейкиндикте тартип орнотуш керек. Министрликтин акыркы чечимин баарыбыз эле колдоп жатабыз. Анткени, мыйзам талаптарын сакташыбыз керек деп биз бир топ түйшүк тартып жатабыз. Анан кимдир бирөө жөн эле бирөөнүн продуктусун алып чагылдырып, жарнамадан акча жасап отура берсе алардан кимдир бирөө мыйзамдын сакталышын талап кылыш керек да. Баарына бирдей талап, бирдей шарт жаралышы керек. Анан бул чечимди саясатташтырбаш керек. Мамлекет бардык телеканалдарга жардам бералбайбы, демек, талап менен шартты бирдей кылып бериш керек. Мыйзам баарыбызга бирдей. Чет элдик ири каналдарга өзгөчө шарттар каралбашы керек. Рекламалар баары аларга кетип калса анда Кыргызстандын медиатармагы кантип өнүгөт?! Анда кайдагы маалыматтык коопсуздук, кайдагы идеология, кайдагы тил маселеси? Талап барбы аны баарыбыз аткарышыбыз керек", - деди ал.

Кыргызстандагы “Телеканалдар бирикмесинин” аткаруучу директору Асел Аскарова “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзам талаптарын сактоону баарына бирдей кылуу керектигин айтат. Анткени Кыргызстанда "Мир", Орусиянын ОРТ, РТР каналдары мамлекеттик келишим менен иштеп жатканы үчүн тил жана башка талаптар каралган эмес. Бирикменин атынан өлкөдөгү иштеп жаткан телеканалдар боюнча тактоо сунушу даярдалып жатканын кошумчалады.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамда талаптар тил боюнча эле эмес да. Ал жерде автордук укук маселеси да бар. Аны азыр көпчүлүгү сактабайт. Ошондуктан баарына бирдей талаптар коюлушу керек. Аны баары сакташ керек. ОРТ, РТР болсо мамлекеттик келишим менен жөнгө салынып көп талаптар каралган эмес. Анын ичинде РТР рекламадан акча таап жатат. Ал акча эфир үчүн делингени менен бизге ачыкталышы керек. ТРТ Аваз каналы, башка каналдар кандай шарт менен иштеп жатат деген суроолорго жооп алуу үчүн биздин бирикменин атынан маалымдама сурап жатабыз”.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда алтымыштан ашуун менчик ТВ, радио каналдар бар. Алардын ичинен 42си учурда ишмердигин жүргүзүп жатат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкө аймагындагы телеканалдардын баарына мониторинг кылып жатканын жарыялады. Мониторингдин жыйынтыгына жараша ар жыл соңунда чечимдер кабыл алынат. Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти 2019-жылы жети каналга айып пул салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG