Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Эки депутат чек арада кабылган окуянын чоо-жайы белгисиз


Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков. Коллаж.
Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков. Коллаж.

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев ишемби күнү дагы бир эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда кармалып, кайра бошотулганы белгилүү болду. Күч органдары ал жөнүндө расмий маалымат бере элек.

Парламент депутаты Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы билинген. Депутат Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди Улуттук коопсуздук кызматынын (УКМК) өкүлдөру карма=п, кайра кое берген.

"Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков тажияга баратышкан. "Ак Жол" өткөрмө бекетинде Жамгырчиевге сыртка чыгууга тыюу салынганы билинген. Аны УКМК кармады. Биз чогулуп, аны бошотушту", - деп Сурабалдиева 27-ноябрга караган түнү саат 01:54тө Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эки депутат кириптер болгон окуяга байланыштуу укук коргоо органдары расмий маалымат тараткан жок. Улуттук коопсуздук комитети “Клооп” басылмасына Айдарбеков суракка алынбаганын жана ал Казакстанда экенин билдирген.

"Альянс” фракциясынын төрагасы Жанарбек Акаев Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу парламент жыйындарына катыша албай тургандыгы жөнүндө кат алганын жарыялады.

“Менин жана төраганын атына белгисиз мөөнөткө жумушка келе албай жатканы жөнүндө кат жазды. Мен анын үй-бүлөсү менен дагы байланыштым. Чет өлкөдөн диагноз коюп, дарыланууга муктаждык бар. Ал белгисиз мөөнөткө Жогорку Кеңештин жыйындарына катыша албайт. Азырынча ушуну гана айта алам”, - деген Акаев депутат Жамгырчиев жөнүндө кийинчерээк маалымат берилерин кошумчалады.


Азырынча Айдарбеков да, Жамгырчиев да өздөрү тууралуу коомчулукка маалымат бере элек. Эки депутаттын айланасындагы окуя парламентте кыргыз-өзбек чек арасы жана “Кемир-Абад” келишимине каршы добуш бергендерге кысым болуп жатканын жөнүндө сөздөрдү кайра козгоду.

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Сурабалдиеванын кысым, коркутуу тууралуу дооматтарын четке кагып, депутаттардын арасында оор кылмыштарга шек саналып жаткандар бар экенин айткан.

“Оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар чыгып жатат. Жакында Башкы прокуратура иш козгосо, аны дагы айтып чыкпагыла. Араңарда өтө оор кылмыштарга шек саналып жаткандар бар. Ал боюнча бизге керектүү адамдар өздөрүнүн арыздарын берди” – деген Ташиев.

Парламент депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, Жогорку Кеңештин депутатын жоопкерчиликке тартуу оңой эмес.

“Анын жол-жобосу жөнөкөй эмес. Депутатты жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңеш макул болгондо гана кандайдыр бир чара колдонууга болот. Ага чейин эч кандай чектөө, тыюу салуу мүмкүн эмес”, - деди.

Масалиев иштин чоо-жайын билбей туруп, "депутаттарга басым болуп жатканы жөнүндө айтуу туура эмес" экенин кошумчалады.

Башкы прокуратура көзөмөл органда Жамгырчиевге байланыштуу кылмыш иши жок экенин билдирди, азырынча УКМК менен байланыша алган жокпуз.

Парламентке келгенге чейин мурдагы Каржы полициясында жетекчинин орун басары болуп иштеген Эмил Жамгырчиев коомчулукта “өрдөк эти” деген ат менен белгилүү ишке шектелип, камалып чыккан. Ошол кезде аткезчилик ишин "бармак басты, көз кысты" кылып жайгарыш үчүн ири өлчөмдө пара алган деп айыпталган. Бирок Жамгырчиев сотто кылмыш ишин "каралоо" деп атаган.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек эки күндөн бери депутаттар жөнүндө так маалымат берилбей жатканы "саясий басым, ар кандай көшөгө артында оюндардан кабар берет" деп эсептейт.

“Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү. Алар жөнүндө такталган маалымат ала албай жатканыбыз ар кандай күмөн ойлорду жаратып жатат. Макул, Жамгырчиевге мурда иш козголгон экен. Анда эмнеге убагында чара колдонулбайт? Ал эми Айдарбеков жаап-жашырынып, коргонуп отурган депутат эмес. Демек, бир нерсе болгон. Ошондуктан пикирин билдире албай отурушат. Өлкөнү күч органдары башкарып жаткандай эле болуп жатат. Бул жөн гана басым”, - деди Руслан Акматбек.

“Альянс” партиясы менен шайланган Жамгырчиев жана Айдарбеков “Кемпир Абад” келишимине каршы добуш берген. Айдарбеков ага чейин ушул маселе боюнча дипломатиялык рангынан ажыратылып, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан кеткен.

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекте элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кемпир-Абад маселесине токтолуп, суу сактагычка байланыштуу эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды "өз кызыкчылыгын көздөгөн" деген сын айтты.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG