Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Депутаттар куугунтук маселесин кайра көтөрдү


Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков, Элвира Сурабалдиева, Эмил Жамгырчиев.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу тууралуу мыйзамдарга кол койду.

Жогорку Кеңеште бул документтерди колдобой койгон депутаттарга дагы деле кысым болуп жатканы тууралуу маселе кайра көтөрүлдү. 30-ноябрда Кемпир-Абадга байланыштуу парламенттеги дагы бир тармактын комитеттин төрагасы кызматын тапшырып берди.

29-ноябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишим жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу тууралуу мыйзамдарга кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы 29-ноябрда билдирди. Маалыматка ылайык, документтер менен эки өлкөнүн буга чейин чечилбей келген 302,29 чакырым чек ара тилкеси такталууда.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамдарды өзбек тарап да бекитти. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда билдирди.

“Депутаттарга куугунтук уланууда”

17-ноябрда мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен колдогон. Кызуу талаш-тартыш менен өткөн документке 19 депутат каршы добуш берген.

Депутат Элвира Сурабалдиева өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери каршы добуш берген эл өкүлдөрүн коркутуп жатканын билдирген. Парламентке келип, депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев аны четке каккан.

Кемпир-Абад макулдашуусуна каршы болгон депутаттарга куугунтук уланып жатканын Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев да айтып чыкты.

“Жогорку Кеңештин депутатын күч органдары кармап “ал жакка баспа, бул жакка басасың” дегени туура эмес. Биз муну түздөн-түз Эмил Жамгырчиев Кемпир-Абад боюнча мыйзамга каршы добуш бергени менен байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы иш козголуп, ал Жогорку соттон, шаардык жана райондук соттон да акталган. Бирок ошого карабастан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатат. Эң негизгиси кечээ күнү Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылды. Депутат “каршы” же “макул” деп берген добушу үчүн жооп бербейт. Бул Конституцияда да, Жогорку Кеңештин регламентинде да жазылган”.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев 27-ноябрда Казакстанга өтүп баратканда чек арадан УКМК кармап, кайра коё берген. Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан ал чек арадан өтө албай калып, Айдарбеков коңшу өлкөгө чыгып кеткен. Эки-үч күндөн кийин Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн, Кыргызстанга жакынкы убакта кайтып келерин билдирди. Эки депутат тең Кемпир-Абад макулдашуусуна каршы добуш берген.

Атайын кызмат эл өкүлдөрүнүн айланасындагы окуялар тууралуу маалымат бере элек.

Эмил Жамгырчиевдин ысымы Кытайдан 2018-жылы ташылып келаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган. Ал коюлган айыпты четке кагып, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн жана “пара алуу” беренеси менен ачылган иште акталган. Эмил Жамгырчиев мурдагы Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары болуп 2018-2020-жылдары иштеген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жамгырчиев боюнча айтылып жаткан сөздөргө жооп берди.

“Эки депутатка байланыштуу бул маселе боюнча мен ошол эле күнү тиешелүү укук коргоо органдары менен сүйлөшкөм. Алар “эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Кылмыш иштери бар. Ошонун негизинде сурадык. Эч кандай кармоо болгон жок. Мыйзамды биз да сактайбыз” деп оозеки айтышкан”, - деген спикер укук коргоо органдарынын кайсы өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн тактаган жок.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин өткөн аптадагы жыйынында оор кылмыштырга шек саналып жаткан депутаттар бар экенин айтып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгой турганын билдирген.

Мыйзам боюнча депутат кылмыштын үстүнөн кармалган учурду кошпогондо, парламенттин көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Дагы бир комитеттин төрагасы кызматтан кетти

Ал тапта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Медер Алиев төрагалык кызматын өз арызы менен тапшырып, муну Кемпир-Абад маселеси менен байланыштырды.

“Ар бир саясатчы ойлонулган кадамдар менен иш алып барышы керек. Шайлоочулардын алдында эмне үчүн тигил же бул кадамга барганын түшүндүрүп айтып бериши керек. Бул чечимди өзүм кабыл алдым. Мени эч ким мажбурлаган жок. Терең кирбей бир сүйлөм менен айтканда, Кемпир-Абад маселеси себеп болду”.

Алиев Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара келишимин караган жыйынына катышкан эмес. Эске салсак, бул документти караган комитеттин корутундусуна кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбеков 20-октябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан алынган.

Чек ара келишимине байланыштуу ички талаш-тартыш тынчыбай жаткан тапта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакынкы күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө. Анда эки өлкөнүн лидерлери чек ара документтерине кол коёт.

Бишкекте 9-декабрда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) саммити өтөт. Өзбекстан бул уюмда байкоочу макамына ээ.

Камактагылардын тагдыры

Ушул тапта “Кемпир-Абадды коргоо комитети” деп аталган жарандык бирикменин дээрлик бардык мүчөлөрү, баш-аягы 30га жакын саясатчы-активист камакта жатат.

Аларды бошотуу талабы элдик курултайда көтөрүлдү. Курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев бул тууралуу Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү президент Жапаров менен жолукканда да сөз болгонун айтты.

“Бир канчабыз, ошонун катарында мен да айттым бул маселени. Мында экиге бөлүп караш керек го – сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, аларга өзүнчө, ал эми революцияга үндөгөндөр болсо, аларга өзүнчө мамиле болуш керек. Бирок алардын ичинде аялдар да бар экен. Кыш да келип калды. Сот, укук тартибин коргоо органдары калыс карап, чечилсе… “Президенттин колунда өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү бар, айкөлдүк көрсөтсүн” дегендер да болду. Кудай буюрса, жакынкы келечекте баары болбосо да бир бөлүгү чыгып калышы мүмкүн деп ойлойм”.

Сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды 20-декабрга чейин тергөө абагына камаган. Алар муну саясий куугунтук деп баалап келишет.

Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайдын жыйынында камактагылар тууралуу мындай деген:

“Мен эми аларды колунан сүйрөп барып чогулушка катыштырган жокмун да. Чет жактан акча алып келип алып “ме, сага "Портерге" акча, элди жүктөп кел” деп атат. Эл эмне аларга малбы? “Ызы-чуу салабыз. Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек” деп атышат. Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Алардын жеке кызыкчылыгы бар. Эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгаргысы келген күчтөр да болгон. Чет жакта аларды шыкактап турган күчтөр бар. Баарын сот чечет. Элге бүлүк салам дегендерди сот камабаганда, эмне кылат?”.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырып келет.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1472,83 чакырым. Анын 1170,53 чакырымы 2017-жылы такталган. Макулдашыла элек 302,29 км чек ара тилкеси калган.

Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу мыйзамдарга эки өлкөнүн президенттери кол койсо:

  • Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат.
  • Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат.
  • Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
  • "Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын куруп бербегени үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар жер алат. Ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар.
  • Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик.
  • 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелей станциялары бар.
  • Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик.
  • Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жерди алдык.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG