Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз экенин маалымдады


Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына киришип жатып ант берүүдө. Декбрь, 2021-жыл.
Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына киришип жатып ант берүүдө. Декбрь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганы тууралуу "Альянс" фракциясынын жетекчиси Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзгөн.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

"Жанар Акаевде Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Жабдуулар тууралуу ал депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы - Э. Кадыровдон укканын айткан. Ал эми жардамчысы бул маалыматты телефон аркылуу Эмил Жамгырчиевден алганы аныкталды", - деп жазылган маалыматта.

УКМК ушул тапта депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экенин билдирүүдө.

Коопсуздук кызматы аудио-видео жаздыруучу жабдуулардын табылышы, аны ким орнотконун аныктоо, депутат Эмил Жамгырчиевдин укугун коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев 27-ноябрда Казакстанга өтүп баратканда чек арадан УКМК кармап, кайра коё берген. Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан чек арадан өтө албай калып, Айдарбеков коңшу өлкөгө чыгып кеткен. Кийинчерээк Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн, Кыргызстанга жакынкы убакта кайтып келерин билдирди. Эки депутат тең Кемпир-Абад макулдашуусуна каршы добуш берген.

Эмил Жамгырчиевдин ысымы Кытайдан 2018-жылы ташылып келаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган. Ал коюлган айыпты четке кагып, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн жана “пара алуу” беренеси менен ачылган иште акталган. Эмил Жамгырчиев мурдагы Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары болуп 2018-2020-жылдары иштеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG