Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Орусияда сот бир адамдын мобилизация болушун мыйзамсыз деп чечти


Мобилизациялангандарды диний жөрөлгөдөн өткөрүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Мобилизациялангандарды диний жөрөлгөдөн өткөрүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Ленинград облусундагы Гатчин райондук соту диний ишеними аскерге барууга жол бербеген Павел Мушуманскийдин мобилизацияланышын мыйзамсыз деп тапты.

"Агора" укук коргоо уюмунун адвокаты Павел Чиковдун белгилешинче бул - Орусияда алгачкы прецедент.

Мушуманский аскерге сентябрда чакырылып, аскер бөлүгүнө жиберилген. Ал жактан сотко кайрылып, альтернативдүү жарандык кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылган. Анын арызында альтеративдүү кызмат өтөөгө Конституция жол берери жазылган. Натыйжада Мушуманскийдин машыгуу лагерине жиберилиши сот бүткөнчө токтогон.

Ушул тапка чейин аскер бөлүгүндө калтырылган Павел Мушуманскийдин арызын Гатчин райондук соту 30-ноябрда карап, оң чечим чыгарып берди.

23 жаштагы Павел Мушуманский - баптист, анын диний ишеними колуна курал алууга жол бербейт. 2019-жылы Мушуманский милдеттүү аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, бирок аны альтернативдүү кызмат өтөө менен алмаштырган. Эки жыл психоневрологиялык интернатта санитар болуп иштеген.

Орусиянын расмий "Объясняем.ру" порталында мобилизациялангандарга альтернативдүү жарандык кызмат өтөө каралбаганы жазылган. Бирок мурда альтернативдүү жарандык кызмат өтөгөндөр аскерде да ошол иште иштей алышары көрсөтүлгөн.

Мурдараак Санкт-Петербург соту Кирилл Березиндин мобилизацияланышын мыйзамсыз деп таануудан баш тарткан. Жактоочулары сотто аскер комиссариаты анын альтернативдүү кызмат өтөө арызын четке какканын, медициналык кароодон өткөрбөй туруп, лагерге жиберилгенин айтып чыгышкан.

27 жаштагы тоголок жетим Кирилл Березин сентябрдын аягында мобилизация болуп, Украина менен чектеш аймактагы лагерге жиберилген. Ал жерде согуш менен зомбулукту жектеген көз карашы үчүн курал алуудан баш тартып, сотко кайрылган. 18-октябрда Нева райондук соту анын арызын четке каккан чечим чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG