Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Прокуратураны сындаган эки депутат суракка чакырылды


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 30-ноябрда Башкы прокуратурада суракта болушту. Бул маалыматты “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов тастыктап, алар парламенттин жыйынында айткандарын текшерүү үчүн суракка чакырылышканын билдирди.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Атазов “каржы пирамидаларынын” көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду "прокуратура жана милиция органдары калкалап" жатышканын, акчасын, жерин алдамчыларга алдырып койгондор арызданса, “прокуратура токтотуп коюп жатканын” айткан.

Депутат Токторбаев прокуратурада коррупция “абдан күчөгөнүн”, “элдин арасында жакшы сөз жок” экенин билдирген.

“Шайлоочуларым кайрылышты, бир беренеден башка беренеге өзгөртүп коюш үчүн (кылмыш ишин – ред.) прокуратура кызматкерлери 10 миң доллар сурап жатат дейт. Прокуратурага тергөө киргенден кийин булар абдан монстрга айланып кетишти”,- деген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG