Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

McDonald's брендинин Казакстандагы ресторандары убактылуу жабылды


McDonald's түйүнүн Алматы шаарындагы жабык турган рестораны.
McDonald's түйүнүн Алматы шаарындагы жабык турган рестораны.

Орусиялык тиешелүү компаниялар менен байланыш үзүлгөндүктөн, McDonald's брендинин Казакстандагы ресторандары да убактылуу жабылды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги үч булакка таянуу менен кабарлады.

Казакстандагы тез тамактануучу жайлардын рыногунда соңку алты жылдан бери McDonald's алдыңкылардын бири болчу. Компания айрым товарларды, анын ичинде уйдун эти менен тооктун этин сырттан сатып алчу. Акыркы маалда орусиялык Мираторг компаниясынан жеткирүү аткарылбай калган.

McDonald's франшизасынын Казакстандагы лицензиясына ээлик кылган Food Solutions фирмасы белгилүү бизнесмен Кайрат Боранбаевге таандык. Ал Орусия Украинага кол салгандан кийин башка өлкөдөн жеткирүүчүлөрдү издөөгө аракет кылганы жана ортодо орус рыногуна көз карандылыктан бошогону маалымдалган эле.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев өзү мамлекеттик каражатты мыйзамсыз коротууга айыпталып камалган. Казакстандын бийлиги McDonald's ресторандарынын токтотулушу бизнесмендин кылмыш ишине тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Москва Украинага кол салган соң McDonald's компаниясы Орусиядагы бардык ресторандарын жапкан. Ал жактагы түйүндөрдү ишкер Александр Говор сатып алып, “Вкусно – и точка» деген аталыш менен кайра ачты. Ресторандар ушундай эле бренд менен Беларуста да иштей турганы айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG