Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Эл артисти Жамал Сейдакматовага эстелик орнотулду


"Ала-Арча" көрүстөнү. Эл артисти Жамал Сейдакматованын эстелиги.
"Ала-Арча" көрүстөнү. Эл артисти Жамал Сейдакматованын эстелиги.

Бүгүн 30-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Көрүнүктүү талантты эскерүү иш-чарасына өкмөттүн, парламенттин өкүлдөрү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, маркумдун туугандары катышышты.

60 жылдан ашуун өмүрүн кыргыз искусствосуна арнаган, соңку жылдары «Туңгуч» жаштар театрын жетектеп келген Жамал Сейдакматова 2021-жылдын февралында 82 жашында көз жумган.

Сейдакматова «Кыргыз керемети» деп аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө салым кошкон. 1989-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик «Туңгуч» театрын ачкан. 2016-жылы Лондондо эл аралык театр фестивалында ага «Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы» наамы берилген. 2003-жылы ал III даражадагы «Манас» ордени, 2019-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалын алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG