Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Түркияда жоголгон журналисттин дайыны Ирандан чыкты


Мохаммад Моради
Мохаммад Моради

Беш ай мурда Түркияда дайынсыз жоголгон ирандык журналист Мохаммад Моради Ирандын Ислам революциясынын сакчыларынын колунда кармалып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттыктын" иран кызматы өз булактары аркылуу аныктады.

Моради 2014-жылы Иранда мамлекетке каршы кутум уюштурган деген айып менен беш жылга кесилген. Ал ошондон кийин Түркияга качып кеткен эле. Анын түркиялык адвокаты Салих Эфе Анкара ага саясий баш паанек бергенин маалымдаган.

Мохаммад Морадинин үй-бүлөсүнүн маалыматына караганда, ал 2022-жылдын май айында нан алганы дүкөнгө чыккан боюнча кайтып келген эмес. Журналисттин жакындары аны уурдап кетишкен деп күмөн санап прокуратурага кайрылышкан. Түркиянын укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштаган, бирок Моради табылган эмес.

Радионун булактары кабарлагандай, журналист өзүнүн жакындарына телефон чалып байланышып, аны аз күн мурда Иранга алып келишкенин айткан. Моради аны Түркиянын атайын кызматтары туткундап, депортацияга чейин белгисиз жерде кармап жатышканын билдирген.

Журналисттин адвокаты Салих Эфе Мохаммад Моради кыйноого алынганын айтып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG