Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Латвиянын министри Украинага Орусиянын аймагын аткылоого уруксат берүүгө чакырды


Эдгар Ринкевич
Эдгар Ринкевич

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич Украинага Орусиянын аймагындагы буталарды аткылоого уруксат берүүгө чакырды. Бул тууралуу пикирин ал НАТОго мүчө мамлекеттердин министрлеринин Бухаресттеги жыйынында айтты.

Bloomberg басылмасы келтиргендей, министр "уюмдагы өлкөлөр жаңжалдын курчуп кетишинен коркпошу керек" деди.

“Биз украиндерге ракеталык куралдарын жана аэродромдорун ушул максат үчүн колдонуусуна уруксат беришибиз керек”, – деди Ринкевич кесиптештери менен кездешүүдө.

НАТОго мүчө мамлекеттер Украинага куралдарын берген учурда Орусиянын аймагын аткылоого тыюу салуу менен жеткирип жатат. Көпчүлүгү радиусу Орусияга чейин жете турган курал-жарактарды таптакыр бербей келет. Киев колуна тийген ракеталык системаларды Москва аннексиялап алган украин аймактарына чейин гана атууга укугу бар.

Ушул маалга чейин НАТОдогу өлкөлөр Украинага артиллериялык орнотмолорду, жапырт аткылоочу системаларды жана кемелерге каршы ракеталык аткылоочу жабдууларды жеткирди. Алардын радиусу 100-120 чакырымдан ашпайт. Орусияга ички аймактарындагы буталарга чейин жетүү үчүн Украина 300 чакырымга чейин ата турган комплекстерди сураган, бирок Батыш өлкөлөрү аны берүүдөн карманган.

Бир катар дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары АКШ Орусия менен Украинанын согушу мындан да күчөп кетеринен чочулап жатканын жазып чыгышкан. Ринкевичтен айтымында, мындан башка дагы бир нече өлкө Украинага буталарды тандоодо чек коюну жактап жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG