Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Кытайдын мурдагы лидери Цзян Цзэмин дүйнөдөн кайтты


Цзян Цзэминь
Цзян Цзэминь

Кытайдын мурдагы лидери Цзян Цзэмин 30-ноябрда 96 жашында Шанхайда көз жумду. Бул тууралуу кытайлык басылмалар кабарлады.

Цзэминь 1926-жылы төрөлгөн. 1947-жылы Шанхайдын университетин аяктап, 30 жылча Кытайдын машине куруу министрлигинде иштеген.

Ал 1955-жылы Москвада Сталин атындагы заводдо төрт айлык тажрыйба алмашуудан өтүп, орус тилин үйрөнүп кеткен. 1982-жылы Кытайдын электрондук өндүрүш министрлигин жетектеген. 1985-жылдан 1989-жылга чейин Шанхайдын мэри болгон. 1989-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясынын башкы катчысы кызматын аркалаган.

Цзян Цзэмин 1993-2003-жылдары Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп эмгектенген. Анын тушунда Кытайдын экономикасы дүйнөдө жетинчи орунга чыккан. Өлкө ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмуна кирген.

Кытайды 2003-жылдан 2013-жылга чейин Ху Цзинтао жетектеген, 2013-жылдан ушул убакка чейин өлкөдө Си Цзинпин лидерлик кылып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG