Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Беларус: камакта отурган оппозиция лидерлеринин бири ооруканага түштү


Мария Колесникова соттук отурумда.
Мария Колесникова соттук отурумда.

Беларусиянын башчысы Александр Лукашенкого каршы 2020-жылкы нааразылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири Мария Колесникова абакта жаткан жеринен ооруканага түштү. Бул тууралуу президенттикке мурдагы талапкер Виктор Бабариконун штабы Телеграм-каналында кабарлады.

Колесникова шайлоо алдында жетектеген штаб билдиргендей, оппозиционер ооруканага дүйшөмбү күнү жаткан. Ал ошол күнү хирургиялык патология боюнча операция болгон.

Гомель шаарындагы колониянын администрациясы маалыматты комментарийлеген жок.

Өткөн жылдын сентябрь айында Мария Колесникова 11 жылга эркинен ажыратылган. Ага 2020-жылкы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын уюштуруу, бийликти басып алуу, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү жана экстремисттик түзүм уюштуруу боюнча айыпталган.

2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгына ылайык алтынчы ирет Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Батыш шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салган.

Мария Колесникова штабын жетектеген президенттикке талапкер Виктор Бабарико 14 жылга кесилген. Кийин Колесникова иштешкен башка бир талапкер Светлана Тихановская өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG