Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:10

Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтты


Садыр Жапаров.

Бүгүн, 30-ноябрда президент Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

"Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турат", - деп жазылган билдирүүдө.

Жолугушууга курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев да катышты.

Бишкектеги 25-26-ноябрда биринчи Элдик курултай болуп, жыйынтыгында чечим жана резолюция кабыл алынган. Анда айрым делегаттар камакта жаткан активисттердин абалы тууралуу маселе көтөрүшкөн.

Учурда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист камакта отурат.

Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров 23-ноябрда өлкөдөн күч менен чыгарылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 26-октябрда "Азаттык Медианын" сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Мекеменин банктык эсеби да бөгөттөлүп турат.

Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер бул көрүнүштөргө кабатыр экенин билдирип, өкмөткө кайрылуу жолдошкон.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирүүдө.

Садыр Жапаров буга чейин, 2021-жылы 10-январда кезексиз өткөн президенттик шайлоодон кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып сөз эркиндигин коргоого ынтызар экенин жана саясий куугунтук болбой турганын айткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG