Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Улуттук банктын жетекчисин Жогорку Кеңешке чакыруу талабы көтөрүлдү (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Улуттук банктын жетекчилигин парламентке чакырып, валюта базарындагы кырдаалды, элге сырттан келген каражатты берүүдө ортодон кымтылып жаткан акча тууралуу маалымат алууну сунуштады.


"Бүгүнкү күндө банктар элди ачык тоноп жатат. Орусия же башка жактагы туугандары жиберген акчадан жок жерден кымтылып калууда. Мурда миң доллар Орусиядан жиберсе, миң доллар алышчу экен. Азыр 970 доллар алып атышыптыр. Курстардын жазылганы менен сатылган баасында айырма чоң".

Нуржигит Кадырбеков Улуттук банкта 38 тонна алтын бар экенин тактоо үчүн комиссияны алтынды өз көзү менен көрүүгө чакырды.

Депутаттын сөзүн бир катар кесиптештери колдошту. Балбак Түлөбаев акча алмаштыруучу жайлар Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгып кеткенин белгилеп, валюта базарындагы бир сомдук айырма ишкерлер үчүн чоң акча экенин айтты.

Расмий маалыматтарга быйыл тогуз айда Кыргызстанга чет өлкөдөн акча которуу жаңы рекорддук чекке жетти. Каражаттын көпчүлүгү мурдагыдай эле Орусиядан келип жатат. Сыртка чыгып кеткен акчанын суммасы да эки эсе өсүп, басымдуу бөлүгү орус жергесине кеткен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG