Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Ашхабадда полиция сырттан келгендерди шаардан чыгарууда


Ашгабат шаарынын көрүнүшү.
Ашгабат шаарынын көрүнүшү.

Түркмөнстандын борбору Ашгабадда өлкөнүн башка аймактарынан келген адамдарды полиция шаардан чыгара баштады.

Алардан Бейтараптуулук майрамы бүткөнчө кайра келбөө тууралуу убада кат жаздырылып алынууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чара шаарда убактылуу каттоосу бар жарандарга да көрүлүүдө.

Полиция кызматкерлери ар бир кармалган адам үчүн 100 манат (28 доллар) сыйлык алышарын "Азаттыктын" полициядагы булагы билдирди.

Бул иш улуттук майрам учурунда шаардагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

12-декабрда Түркмөнстанда Бейтараптуулук майрамы белгиленет. Бул күн 2019-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан өлкөнүн бейтараптуулугу таанылгандан кийин улуттук майрам катары белгиленип келет.

2020-жылы мурунку президент Гурбангулы Бердымухамедов "Түркмөнстан — Бейтараптуулук мекени" деген аталышта китеп жазган. Улуттук банк майрамдын бир жылдыгына арнап, атайын тыйындарды жана банкнотторду чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG