Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынгандардын айрымдары жакынкы арада боштондукка чыгышы мүмкүн деген оюн 29-ноябрда “Азаттык” радиосуна Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди. Анын айтымында, бул күнү Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин 12 мүчөсү президент Садыр Жапаров менен менен жолугушуп, анда камактагылардын маселеси да көтөрүлдү:
“Бир канчабыз, ошонун катарында мен да айттым бул маселени. Мында экиге бөлүп караш керек го – сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, аларга өзүнчө, ал эми революцияга үндөгөндөр болсо, аларга өзүнчө мамиле болуш керек. Бирок алардын ичинде аялдар да бар экен. Кыш да келип калды. Сот, укук тартибин коргоо органдары калыс карап, чечилсе… “Президенттин колунда өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү бар, айкөлдүк көрсөтсүн” дегендер да болду. Кудай буюрса, жакынкы келечекте баары болбосо да бир бөлүгү чыгып калышы мүмкүн деп ойлойм”.
Аксакалдардын сунушуна президенттин жообу кандай болгону тууралуу Кошалиев төмөнкүлөрдү айтты:
“Баары мыйзамга жараша чечилерин айтты. Кээ бирлеринин аты аталып, чет өлкөлөрдөн келип түшкөн каражатты туруктуулукту бузууга, революцияга үндөөгө иштетүүгө аракет болгондугу, ошонун тегерегинде саясий кызыкчылыктар жатканы жөнүндө айтты. Ар бири боюнча персоналдуу түрдө териштирүү жүргүзүп, кимисинин аракети кыргыз мамлекеттүүлүгүнө коркунуч алып келгенин же болбосо тек гана кайсы бир маселе боюнча оюн эркин айтканын эки бөлүп кароо жөнүндө биздин оюбузду түпкүлүгүндө кубаттай турганын айтты”.
23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган, алардын дээлик баары 20-декабрга чейин камакка алынган.
Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.
Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.
Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
“Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койду. (RK)