Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Бакировдун иш бөлмөсү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болду


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдин иш бөлмөсүнө байланыштуу маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 29-ноябрда экинчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү Алишер Козуев билдирди. Анын айтымында, чечим азырынча кабыл алына элек, бүгүнкү отурумда президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усеновага суроолор берилди:

“Усенова мыйзам боюнча иштеп жатканын айтты. Өздөрү да комиссия түзүшкөн экен. Аларды да чакырдык, сүйлөштүк. Комиссия менен жетекчисинин ортосунда анча-мынча ача пикир чыгып жатат. Биздин комиссия 1-декабрга чейин иштемек. Эртең ишибиз же жыйынтыкталат, же узартылат”.

Бакиров өзү журналисттерге билдиргендей, ага 6-кабаттан иш бөлмө бөлүндү. Бирок ал комиссиянын чечими чыгып, юридикалык баа берилмейинче, ал жакка кире албасын, буюмдарынын жарымы дагы эле 7-кабаттагы бөлмөдө экенин айтты.

Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсү өткөн аптада алмашкан. Анын алдында Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда "Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм" деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор, бул окуя Бакиров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийин болуп жатканы тууралуу комментарийлер жарыяланган.

Бакиров бул бөлмөдө 6-чакырылыштагы депутат кезинен бери отурганын жана президенттик иш башкармалыктын чечимин түшүнбөй жатканын билдирген.

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин 24-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG