Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматынан кетип, анын ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов дайындалды. Бир жыл мурун “бийликти басып алуу беренеси” менен камалып чыккан Жетигеновдун Ош шаарынын башчылыгына келиши коомчулукта күтүүсүз кадрдык жүрүш деп бааланууда.
Өлкөдөгү экинчи ири шаар болгон Оштун мурунку мэри Алмаз Мамбетовдун ишмердүүлүгү жана жаңы дайындоонун саясий өңүтү барбы?
Мамбетов кандай мэр болду?
2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин президенттин иш башкармалыгында иштеп келген Алмаз Мамбетов 2021-жылдын август айында бийликтен жалгыз талапкер катары чыгып, Ош мэри болуп шайланган. Ал "Келечекке татыктуу шаар" деп аталган дымактуу программасын жарыялап, таза суу, жол, коомдук транспорт, шаар куруудагы көйгөйлөрдү чечүүнү көздөгөн.
29-ноябрда Бакытбек Жетигеновду жааматка тааныштыруу жыйынында Мамбетов колунан келишинче иштегенин айтып өттү.
“Ош - түштүк борборубуз. Эли, жери жакшы. Эми шаарда көйгөй көп, сиз дагы токтотпой ишти алып кетесиз деп ойлойм. Мен болгон аракетимди жумшадым”, - деди.
Мамбетов бир жылдан ашык иштеген учурунда таза суу көйгөйүн, Ошто айланма жол куруу сыяктуу ири долбоорду чечүү сыяктуу убадаларын ишке ашыруусуна мүмкүн болгон жок.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев Мамбетовдун ишине оң баа берип, шаардын башчысын алмаштырууну сындады. Ал жетекчи өз программасын ишке ашыруу үчүн убакыт талап кылынаарын белгилейт.
“Башкаларына салыштырмалуу жакшы десек болот. Мисалы, вице-мэр сыяктуу жетекчилерге эркиндик берди. Чечимди өзүңөр кабыл алып, сынды өзүңөр угасыңар деди. Болбогон ишке башын тыгып, тендер, кадр маселесине аралашкан жок. Казынабыз аз болсо дагы көтөрүлдү. 78 млн. сом айлык маянаны көтөрүүнүн эсебинен өстү. Ал эми 200 млн. сомдон ашык акча салыктардан көтөрүлдү. Ош шаарынын бюджети 1 млрд. 600 млн. сом болсо, эми 2 млрд. болот. Эми жогорку жактын чечими болдубу же өзү чечим кабыл алдыбы, билбейм. Бирок туруктуу иштесе болмок. Кайра-кайра мэр алмаштыргандан эч нерсе өзгөрбөйт”, - деди.
Президенттик аппарат мэр алмаштыруунун себебин айткан жок. Учурда Мамбетов өнүктүрүү фонддорунун бирине кызматка барары айтылып жатат.
46 жаштагы Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген. Анын жүрүм-туруму боюнча ар кандай сөз ээрчип, коомчулуктун талкуусуна калган жайы бар.
Бакытбек Жетигенов деген ким?
Мамбетовдун ордуна Ош шаарына мэр болуп келген 56 жаштагы парламенттин мурдагы депутаты Бакытбек Жетигенов Чүй облусундагы Сайлык айылында туулган. Ал азыркы кызматты президент сунуштаганын айтууда.
“Кечээ сунуштап, президент менен жолугуп чыктым. Ал киши өздөрүнүн ойлорун айтты. Ишеним көрсөтүп жаткандан кийин аны актаганга аракет кылабыз", - деди.
Жетигенов бир жыл мурда ага козголгон кылмыш иштери токтотулганын да кошумчалады.
"Кылмыш иши токтотулган. Анда бир аз түшүнбөстүктөр болуп кеткен. Азыр жолдо баратам, барып ишти көрөбүз. Кайсы жер болбосун эң негизги маселеден баштайбыз. Шаарды билем, барып жүргөм, маселелер менен таанышып чыгып, чекесинен баштай беребиз”, - деди Жетигенов.
Кылмыш иши демекчи, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылы парламенттик шайлоонун алдында, 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен , "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин он бештей өкүлүн кармаган. Алардын арасында ошол кездеги 6-чакырылыштын депутаты Бакытбек Жетигенов дагы болгон.
Парламентте кызуу талкуулардан кийин депутаттар аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген эмес. Башкы прокуратура парламент жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген. Ошентип Жетигенов 23-декабрында бошотулган.
Оштогу саясий серепчилердин бири Тологон Келдибаев Жетигеновдун дайындалышына саясий гана себеп бар деп эсептейт. Аткаруу бийлигинде иштебеген Жетигенов Оштогу шаар куруу, чарба иштерин тартып кетишине ишеним аз дейт ал.
“Эми бул кайсы бир саясий топтун маселесин чечүү үчүн болду окшойт. Президент дагы кайсы бир топтун, аймактык тең салмактуулукту сактоо үчүн ушундай кадамга барышы мүмкүн. Анткени Чүйдөгү көрүнүктүү лидерлердин бири ушул Бакытбек Жетигенов. Булар азыркы бийликке каршы, оппозиция болчу топтордун бири болчу. Ошондуктан бийлик өз командасына тартты окшойт. Канатбек Исаев, Элвира Сурабалдиева бийлик менен тил табыша албайт. Ушундай факторлор эске алынды деп ойлойм”, - деди Келдибаев.
Анткен менен президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн курултайда жооп берип жатып, аймактык тең салмактуулук саясатын жок кыларын айткан болчу.
“Тең салмактуулук болсун деп 30 жылдан бери түштүктөн 50% түндүктөн 50% болсун деп келгенбиз. Мен андай саясатты эки жылда жок кылдым. Ким жакшы иштейт, мен ошону коем. Түштүктөн болобу, түндүктөн болобу кызыктырбайт”, - деген Жапаров.
Бакытбек Жетигенов 5-чакырылышта “Ар-Намыс”, 6-чакырылышта КСДП партиясынан депутат болуп келген. 2014-жылы “Ар-Намыс” партиясында депутат болуп турган учурда ошол кездеги Ички иштер министри Абдылда Суранчиев "каралар" менен катышы бар делген 20га жакын адамдын ысымын атаган. Алардын арасында депутат Бакыт Жетигенов чүйлүк кримтөбөл Алмаз Бокушевдин досу экенин айткан болчу. Бирок Жетигенов криминал менен байланышын четке кагып, Бокушев менен чогуу окуганын айтып жүрөт.
2019-жылы КСДП депутаты Жетигеновду Токмоктогу аткезчилик чырындагы дагы аты аталган. Ошондой эле парламент имаратында кесиптеши Канат Исаев менен дагы мушташканы айтылган. Айрым маалымат каражаттары ал чырга Исаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап чыкканы себеп болгонун жазышкан. Бактыбек Жетигенов журналисттерге ачык саясатчылардын бири. Ошондуктан ал жогорудагы айтылган сын-пикирлердин баарын убагында четке каккан.
Ош - Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Калаада 320 миңден ашуун калк жашайт. 2021-жылы шаардын бюджети 1 миллиард 370 миллион сом деп кабыл алынган.
Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Мындан сырткары, бала-бакчалардын жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, инфраструктура эгемендүүлүк алгандан бери оңдолбой турат.