Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Португалиянын голу Роналдуга эмес, Фернандешке жазылды


Португалиянын оюнчусу Криштиану Роналду. Катардагы чемпионат.
Португалиянын оюнчусу Криштиану Роналду. Катардагы чемпионат.

G тайпасында Камерун Сербиядан 1:3 эсебине утулуп келе жатып, үч мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, эсепти 3:3 кылып теңей алды. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул чемпионат башталгандан бери эң кызыктуу оюн болду деп жазып жатышат. Анын үстүнө камерундук чабуулчу Венсан Абубакар коргоочуну алдап, дарбазачыдан топту ашырып киргизгени эң кооз голдордун бири болду.

Ушул эле тайпада Бразилия Швейцарияны 1:0 эсебинде жеңип, плей-оффто өзүнө орун камсыздап алды. Жалгыз голду 83-мүнөттө жарым коргоочу Каземиро киргизди. Бирок Швейцариянын үч упай менен плей-офф стадиясына чыгууга Камерун жана Сербияга караганда мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Тайпанын тагдырын акыркы айлампадагы оюндар чечет.

H тайпасында дагы бир бүйүр кызыткан оюн болду. Гана жарым саатта Түштүк Кореяга эки гол киргизүүгө жетишти. Бирок кореялыктар экинчи таймда демилгени толугу менен колго алып, үч мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, эсепти теңей алышты. Оюн талаасына Корея ээлик кылып, камбэк кылууга болгон күчүн жумшады. Бирок көпкө узабай ганалыктар ийгиликтүү чабуул уюштуруп, эсепти 3:2ге жеткирип, аны оюндун аягына чейин сактап кала алышты.

Ушул эле тайпада ойногон Португалия менен Уругвай командаларынын беттешүүсү португалиялыктардын ишеничтүү жеңиши менен аяктады. Эки гол тең жарым чабуулчу Бруну Фернандештин эсебинде. 54-мүнөттө анын көтөрүп берген тобун Криштиану Роналду башы менен киргизгендей көрүнгөн. Бирок кайталоодо ал топко тийбей калганы анык болду. 93-мүнөттө Фернандеш пенальти тээп, өзүнүн стилинде секирүү менен кооз гол киргизди. Ошону менен Португалия алты упайга ээ болуп, плей-оффко чыкты. Экинчи жолдомого ким ээ болору үчүнчү айлампада билинет.

20-ноябрда башталган чемпионаттын алкагындагы оюндар Катардын беш шаарындагы сегиз стадиондо өткөрүлүүдө. Катардагы климатка байланыштуу күз-кышкы мезгилде уюштурулган чемпионатка 200 миллиард доллар сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди. (YrU\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG