Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Таласта таштанды иргөөчү завод курулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта таштанды сорттоочу завод курулат. Бул үчүн "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 6 миллион сомду беш жылдык кайтарымсыз мөөнөткө бөлгөнү кабарланды.

Маалыматка караганда, завод Талас районунун Калба айыл аймагына курулат. «Эко Монтис» компаниясы сунуштаган долбоор ишке кирсе, айына 200 тонна таштандыны кайра иштетүүгө болору айтылууда.

Талас шаарынын түндүк тарабында жайгашкан таштанды жайына сын-дооматтар көп айтылып келет. Аянты 10 гектарды ээлеген полигондогу таштанды шамалдан улам туш тарапка чачылып кеткен. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG