Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Венгриянын ЖОЖдоруна гранттык негизде кабыл алуу башталды


Венгриядагы университеттердин бири.
Венгриядагы университеттердин бири.

Билим берүү жана илим министрлиги кыргызстандык абитуриенттерди Венгриянын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылына гранттык негизде кабыл алуу башталганын кабарлады.

Аталган министрликтин интернет сайтындагы маалыматта Stipendium Hungaricum программасы боюнча жашы 18ге толгон, жалпы билим берүү боюнча аттестаты, англис тилин билгенин тастыктаган документи (TOEFL, IELTS) бар кыргызстандык жарандар бакалавр жана магистратура программасы боюнча Венгриянын окуу жайларына тапшыра алат.

Сынак 2023-жылдын 15-январына чейин болот. Министрлик абитуриенттерди стипендиянын веб-сайтында көрсөтүлгөн онлайн системага документтерди акысыз тапшырууга чакырат.

Министрлик кабыл алуу процессине менчик агенттиктер катышпай турганын белгилеген.

Венгриянын жогорку окуу жайлары Кыргызстанга жылына 200 квота берет. Анын 130у бакалавр, элүүсү магистратура, жыйырмасы докторантурага бөлүнөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG