Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Улуттук банктын карамагында 38 тонна алтын бар экени кабарланды


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Улуттук банктын (УБ) карамагында учурда 37,8 тонна алтын бар. Мунун ичинен жалпы суммасы 57 млрд. сомдук 13 тонна алтын алтын-валюта резервинде турат.

Бул тууралуу Улуттук Банктын өкүлү Аида Карабаева бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда дагы 23,7 тонна УБтын алтын корунда сакталуу.

"Бул тууралуу Улуттук банктын 31-октябрда берген отчетунда да жазылган. Бул ачык маалымат, дайыма отчетто белгиленип келет", - деди Карабаева.

Улуттук банкта дээрлик 38 тонна алтын сакталып турганын президент Садыр Жапаров Элдик курултайда айткан. Мамлекет башчы бул алтын бир жылда казылып алынганын белгилеген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн жана казылган алтынды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия алигүнчө ишин баштай элек.

Ушул жылдын август айында “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген. Президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG