Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Катарда футбол оюнун адам укуктарын коргоого чакырган активист бузду


Оюн талаасына чуркап чыккан активист. Катар. 28-ноябрь, 2022-жыл.
Оюн талаасына чуркап чыккан активист. Катар. 28-ноябрь, 2022-жыл.

28-ноябрда Португалия менен Уругвайдын командалары беттешип жаткан учурда оюн талаасына чуркап чыккан активист ЛГБТ коомчулугунун символу болгон түстүү желек кармап, алды жагында "Украинаны сактагыла!", арт жагында "Иран аялдарын сыйлагыла!" деген жазуулары бар көйнөк кийип чыкты. Аны күзөтчүлөр дароо кармашты.

Оюн бир саамдан кийин кайра уланып, жыйынтыгында Португалия Уругвайды 2:0 эсебинде утту.

Оюнга ирандык арбитр калыстык кылып жаткан. Бул тууралуу The Atletic басылмасы жазды.

Катар өлкөсү футбол чемпионатында ЛГБТ коомчулугун колдогон эн белгилерге тыюу салган. Буга нааразы болгон айрым футбол командалары оюнга "Бир сүйүү" деп жазылган чүпүрөк байланып чыгууну чечкен. ФИФА буга тыюу салган.

Иранда 22 жаштагы активист Махса Амини аттуу кыз хижабсыз жүргөнү үчүн полиция тарабынан кармалгандан кийин, өлгөнү жалпы өлкөдө массалык нааразылыктарга алып келди. Аятоллага каршы жана өлкөнү демократиялаштырууну талап кылган митингдер күч менен басылууда.

Мындан 300дөн ашуун адам өлгөнү кабарланды. Ирандын футбол командасы демонстранттарга тилектештик билдирип, Англия менен беттеш алдында өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тарткан.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Согуштан он миңдеген адамдар набыт болуп, бир нече миллион адам коопсуз жакка жер котрууга аргасыз болду.

Бириккен Улуттар Уюму баштаган көптөгөн өлкөлөр Орусиянын баскынчылыгын айыптап келт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG