Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилери жолугушту


Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган учурдагы салтанат. 1-апрель, 2021-жыл.
Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган учурдагы салтанат. 1-апрель, 2021-жыл.

28-ноябрда Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилеринин биринчи орун басарлары баштаган топтордун жолугушуусу болду.

Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар Баткендин Кадамжай районундагы Өтүкчү айылы менен Өзбекстандын Сох анклавынын Тул айылы чектешкен жеринде өттү.

Маалыматка ылайык, анда эки тарап чектеш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, соода-сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, карым-катнашты күчөтүү маселелерин карашты.

Тараптар чектеш аймактардагы айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу, жайыт, жол жана башка маселелерди эки тараптуу макулдашуу менен чечүү, окуяны ырбатпоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштү.

Мындан тышкары тараптар Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой жана Боз-Адыр айылдарына Кожешкен дарыясынан суу тартып берүүчү Ширеч насостук станциясын, суу келүүчү каналдын башын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашты.

Ширеч насостук станциясы Өзбекстандын Шархабад айылында, анклавда жайгашкан. Станциядан Кыргызстандын айылдарына суу тартып келүү үчүн Өзбекстан айылы аркылуу үч чакырымга жакын суу түтүктөрү тартылган.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапкан.(ZKo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG