Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Путин менен Токаев Москвада жолукту


Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин. Москва, Орусия. 28-ноябрь, 2022-жыл.
Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин. Москва, Орусия. 28-ноябрь, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Астана үчүн Москва “стратегиялык өнөктөш катары кала берерин” белгиледи.

Бул Токаев 20-ноябрда кезексиз шайлоодо президент болуп шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапары болуп калды.

“Ооба, чынында менин биринчи чет элдик сапарым так ушул жакка, Орусия Федерациясына болуп жатат. Мунун өзү терең саясий мааниге ээ. Албетте, бул визитти кайсы бир деңгээлде символизм бар”, – деди Токаев өз сөзүндө.

Орусиянын лидери Владимир Путин эки өлкөнүн ортосунда өз ара соода жүгүртүү 50% чейин өскөнүн белгилеп, ар тараптуу өнөктөштүк мындан ары улана бере турганын кошумчалады.

Батыш өлкөлөрүнүн катаал санкцияларынан улам Орусия алардан түз товар ала албай калды. Натыйжада Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр сырттан товар импорттоп, кайра Орусияга реэкспорт кылып жатат. Анын ичинде Орусия менен Казакстандын соода жүгүртүүсү жыл башынан бери кыйла арбыган.

Казакстан дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн катарында Орусиянын Украинага аскердик кол салуусун айыптаган эмес. Астана ошол эле маалда Украинанын төрт облусунун аннексияланышын тааныган жок. Казакстан Украинага гуманитардык жардам жөнөтүп, анын аймактык бүтүндүгүн тааный турганын билдирген.

Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын март айында өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевден кийин президенттик кызматты ээлеген. Анда да ал биринчи чет элдик сапары катары Орусияга чыккан. Быйыл 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Токаев шайлоочулардын 81,3% добушун алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG