Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Максимдин миллиондору: Ширшовдун убадасы, министрдин жообу


Алексей Ширшов ушул жылдын май айында кармалып, тез эле үй камагына чыгарылган.
Алексей Ширшов ушул жылдын май айында кармалып, тез эле үй камагына чыгарылган.

Бишкектеги курултайда "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин акчасын Кыргызстанга кайтаруу убадасын эске салышты. Президент Садыр Жапаров ал каражатты кайтарууга ондогон жыл кетерин билдирди. Курултайда азыркы энергетика министри Таалайбек Ибраев "Ширшовдун кадры" деген доомат айтылды. Министр "Азаттыкка" комментарий берип, аны четке какты.

"Максим Бакиевдин 200 миллион доллары кайда?"

Элдик курултайда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргымбаев эң ириде энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшовдун маселесин козгоду. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин миллиондогон долларын кайтарууга көмөктөшүү тууралуу убадасын эске салды. Азыркы энергетика министри Таалайбек Ибраевди "Ширшовдун кадры" деп айыптап, ага убагында кылмыш иши козголгонун белгиледи.

"Ширшов келгенде аны тосуп алып, башынан сылап, "ал Максимдин 200 миллион долларын" алып келип берет дешти эле. Ошол акча келдиби, келсе кайсы эсепке түштү? Ошого да жооп бергилечи. Бүгүн Ширшовдун кадрларынын баары бийликке келди. Алардын ичинде Таалайбек Ибраев деген болгон. Ага 2010-жылдан бери алты кылмыш иши ачылган. Ал иштер кандай жабылган, эмне болгон? Мен билбейм. Кылмыш иши ачылган кишини министр кылып дайындоо суроо жаратат".

Президент Садыр Жапаров Ширшовду кабыл алып, ортодо Максим Бакиевдин акчасын кайтаруу тууралуу сөз болгонун дагы бир жолу ырастады. Ал курултайдагы сөзүндө бул каражатты кайтарууга ондогон жылдар кетет деген оюн айтты:

"Мен Ширшовду тээ башында кабыл алып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн маалымат топтоп, анан кетиргем. Азыр "кана, 200 миллион доллар, келдиби же келген жокпу" деп кыйкырбадыбы. Ушуну эл көп сурайт. Убактылуу өкмөт 2010-2019-жылдары Максим Бакиевдин мүлкүнүн артынан кууп жүрдү. Эң биринчи акчасы, 4,5 милион доллары тогуз жылдан кийин түштү. Эми алдыдагы беш же он жылдан кийин келип түшсө деле, ошого да кубанышыбыз керек. Анан алка-жакадан алып "кана, бүгүн эле алып келип сала кой" дегендей ал оюнчук оокат эмес, ал биздин банктарда жаткан акча эмес. Аны тастыкташ керек, аркасынан изилдеп барыш керек. Андан кийин гана алып келиш керек, буга ондогон жылдар керек",- деп жооп кайтарды Жапаров.

Алексей Ширшов быйыл май айында кармалган жана көп өтпөй эле үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал "Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат ондогон батир жана коттеждердин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы сотко кайрылганы белгилүү болгон.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган. Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурун жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө алынбаганын билдирген. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Сын-доомат жана министрдин жообу

Курултайда энергетика министри Таалайбек Ибраевди Сапар Аргымбаевден сырткары экс-депутат Жылдызкан Жолдошева дагы сындады.

"Садыр Нургожоевич, коррупция менен күрөшөбүз деп жатасыңар. Таалайбек Ибраев деген энергетика министри ушул жерде отурат, 20 миллиондон ашык зыянга учураткан... Кышта биз кыйналабыз, өтө оор абалга келип калабыз", - деди ал.

Министр Таалайбек Ибраев жогорудагы дооматтарга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берди. Ал кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, козголгон иш кылмыштын курамы болбогонунан улам токтогонун айтты. Жолдошеванын сынын анын жеке таарынычы менен байланыштырды.

"Ар бир революциядан кийин жетекчилик кызматта иштеген адамдардын баарына эле иш козголгон. Мен министрдин орун басары болуп кызматка келдим, жетекчилик кызматтарда жүрдүм, аэропортто иштедим. Кызматка барганда УКМКга кат жөнөтөт, ал жактан "иш бар, же жок" деп жооп келет. Энергетика мекемелери, аэропорт - стратегиялык объект. УКМКдан ошондой кагаз келгенден кийин гана кызматка коюлат. Эгерде ошондой иштер болсо, мени бул кызматка эч ким жолотпойт эле да. Ал иш курамында кылмыш болбогондон кийин токтоду да. Сапар Аргымбаев директорлор кеңешине кирбей калса эле, Жылдызкан Жолдошеванын күйөөсү, баласы иштен алынып калса эле, өздөрүнүн кызыкчылыгын трибунадан айта береби? Анда алар тууралуу мен деле айтсам болмок да. Анан калса Жолдошеванын күйөөсү Доскул Бекмурзаевдин тушунда кызматтан кеткен".

2010-жылы Башкы прокуратура "Улуттук электр тармактары" ишканасы мурда колдонулган трансформаторлорду жогорку баада сатылып алынган фактыга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген. Айып коюлгандардын арасында аталган ишкананын ошол маалдагы жетекчисинин орун басары Таалайбек Ибраев бар экенин билдирген.

Ибраев Ширшовго байланыштуу аты аталганына төмөнкүдөй жооп берди:

"Мени жашым 61ге келди. Өмүрүмдүн 30 жылын энергетика тармагына арнадым. Ишимди Турдакун Усубалиевдин тушунда, ошол маалдагы Фрунзе шаарында электр монтаждоочу болуп баштагам. Ошондон бери бардык бийликтин тушунда иштедим, баары менен иштешип келдик. Мен бул тармакта ишимди баштаганда Ширшов столдун астында жөрмөлөп жүргөн бала болчу. Эртең дагы анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен иштешти деп айтабы? Өзүмдүн кесибим энергетик болсо, мен бул тармактан башка кайда барам? Азыр энергетиктердин эң негизги максаты - элди жылуулук, жарык менен камсыз кылуу, кыштан үшүтпөй чыгаруу. Ушул максат менен ишибизди күнү-түнү алып барып жатабыз".

Эксперттер эмне дешет?

Бул талкуу энергетика тармагына чукул реформа керек деген пикир күчөгөн маалга туш келди. Былтыр ноябрда Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул күнгө карата энергетика тармагынын жалпы карызы 142 миллиард сомго жетти. Бересени бюджеттен жана чет жактан алынган карыз, насыя түзөт.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев тармакта кадрларга байланыштуу маселе бар деп эсептейт.

"Бул тармакта айрым компаниялар биригип, ирилештирилди. Мындан улам бул жерде кадр маселеси курч болуп турат. Максим Бакиев, Ширшов менен иштегендер кайра кызматка келди. Бул албетте, өкүндүрөт, анткени азыр энергетика тармагыбыз кризисте турат. Мурда иштеп, бул тармакты кризиске батырып, кескин реформаларды, кескин өзгөртүүлөрдү жасабаган кадрлар кайра келди. Ушундай оор мезгилде мыкты адистер, кесипкөй адамдар келиши керек эле".

Талдоочу Нурсултан Акылбек Максим Бакиевдин акчасын кайтаруу убадасы тууралуу президенттин жообу дагы бир топ суроо жаратканына токтолду.

"Садыр Жапаров анын акчасын дагы 30 жыл күткүлө дегендей эле жооп берди. Мен акчаны кайтаруу тууралуу сөздөргө башынан эле ишенген эмесмин. Анткени ушул банкта акча бар деп айтканы менен аны кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес. Кыргызстандан чыккан акчанын изин издөө Кыргызстандан башталышы керек. Экинчиден, Ширшовдун Кыргызстанга келишинин анык жообун тапкан эмеспиз да. Андан сырткары анын президентке "Максим Бакиевдин акчасын таап берем" деп келгенинин өзү мыйзамсыз. Эгер ал күбө катары маалымат бергиси келсе, анда күч түзүмдөрүнө барышы керек эле. Президенттин тергөөгө, прокуратуранын ишине кийлигишкенге укугу жок. Эмне үчүн бул президентке түз кирип, тагдырын чечип алат деген суроо жаралат".

Ушул жылдын июль айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ширшовдун үй камагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылганын билдирген. Андан кийин буга байланыштуу маалымат берген эмес.

Өткөн айда УКМК "Аврора плюс" пансионатынын аймагындагы коттеждердин жана батирлердин соттун чечими менен жеке менчикке берилишин иликтеп жатканын жарыялаган. Атайын кызмат анда сот чечиминин натыйжасында мамлекетке 500 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин белгилеген.

Бакиевдердин жакын адамы Алексей Ширшовдун өкмөттөгү байланышы тууралуу "Азаттык" иликтөө жасаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG