Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

ДССУ маймыл чечегинин англисче аталышын өзгөрттү


Маймыл чечеги вирусун чагылдырган иллюстрация.
Маймыл чечеги вирусун чагылдырган иллюстрация.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын "Monkey pox" деген сөздөн Mpox деп кыскартып, расмий жарыялады.

Уюмдун башкы директору Тедрос Гебрейесус ушундай чечим кабыл алуу зарылдыгы жөнүндө быйыл жайда эле атайын брифингде айткан. Анын пикиринде, азыркы аталыш Африка менен ассоциация болуп кабылданат жана илдеттин жайылышы африкалыктарды дискриминациялоого алып келиши ыктымал.

ДССУнун жетекчилигинин пикиринде аталыш мурдагыдан кыскарып, аббревиатура катары калып жатканы менен баары бир түшүнбөстүктөрдүн алдын алат. Жарандар илдеттин таркашы үчүн кайсы бир контингенттеги өлкөлөрдөн шектенип, маймылдарды күнөөлөөдөн карманышат. Оору ыкчам жайылган маалда айрым зоопарктарда жана жеке коруктарда илдетти жуктуруудан чочулагандар маймылдарды кырып салган учурлар катталган.

ДССУнун жетекчисинин чечими Virological сайтынын басылмасынын ушул тема боюнча билдирүүсүнөн кийин жарыяланган. Анда кайсы бир оорунун жайылуусу жөнүндө сөз кылганда географиялык шилтемелерди келтирүүдөн карманууга чакырган пикирлер жазылган.

Баяндаманын авторлору 2022-жылга чейин Африкада илдет көбүнчө жаныбардан адамга жукканын, ал эми азыркы учурларда вирус адамдан адамга жугуп жатканын, бул Африкага да, маймылдарга да тиешеси жоктугун билдиришкен. Алар “маймыл чечеги” деген аталыш эскиргенин жана ал азыр элге туура эмес түшүнүктү берип коюшу мүмкүндүгүн кеп кылышкан.

Коронавирус пандемиясы башталган учурда анын жаңы штаммдары алар аныкталган шаарлардын жана өлкөлөрдүн географиялык аталыштары менен аталып турган. ДССУ кийин аларды грек алфавитиндеги тамгалар менен атоого өткөн. Кийин түшүндүрүлгөндөй, мындай чечим вирустун Кытайдан чыкканына жана штаммдар кайсы бир өлкөлөрдө биринчи катталганына акцент жасабаш үчүн кабыл алынган.

Быйыл майдан тартып дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө маймыл чечеги илдетин жуктурган учурлар жапырт аныктала баштаган. Ушул маалга чейин 108 өлкөдөн 80 миңдей учур катталды.

Маймыл чечеги кадимки чечектин (натуральная оспа) бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамда дагы денесинде ыйлакчалар чыгып кетет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG