Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Кытайдагы акцияларда полиция BBC радиосунун журналистин сабады


Кытайдагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытайдагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын бардык аймагын камтыган нааразылык акцияларын чагылдыруу учурунда Шанхайдын полициясы BBC радиосунун журналисти Эд Лоуренсти сабап салды. Бул тууралуу BBC жазып чыкты.

Кабарчы 27-ноябрь күнкү акция маалында кармалган. Аны бир нече саат сурак кылгандан кийин коё беришкен.

“Өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жаткан журналисттин мындай кол салууга кабылышы өтө чоң камтамачылыкты жаратат”, – деп маалымдады BBC радиосу өз билдирүүсүндө.

Кытайдын өкмөтү болсо Эд Лоуренс журналисттерге тиешелүү документтерин көрсөтпөгөнүн кабарлап, полиция кызматкерлери аны сабаганын төгүндөдү.

Кытайдын бир катар шаарларында коронавирустан улам карантин киргизилип жатканына каршы массалык акциялары тутанды. Бийлик вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип жаткан.

Каршылык акциялары Үрүмчү шаарында чыккан өрттөн он адам каза болгондон кийин башталды. Бул шаар үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт. Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG