Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

"Эл үмүтү" стипендиясына тогуз студент тандалды


Кыргызстандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдиргендей, "Эл үмүтү" стипендиясына студенттерди тандоо аяктады. Жыйынтыгында тогуз студент тандалды. Алардын стипендиясына жалпы 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт.

Министрдин сөзүнө караганда, стипендия Колумбия, Стэнфорд, Жонс Хопкинс атындагы университеттерде жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларда окуп жаткан студенттерге кийинки жылы берилет.

Президент Садыр Жапаров быйыл май айында "Эл үмүтү" деп аталган эл аралык стипендиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Берилчү акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталат жана жылына 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына тандоо 4-августта башталган. Бирок анын шарттары, акча төлөп берүү системасы боюнча кайчы пикирлер чыккан.

Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер университетти бүтүргөн соң Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу. Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG