Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Латвияда 25 украин аскери аварияга кабылып, ооруканага түштү


Украин аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украин аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Латвияда аскер адамдарын ташып бараткан автобус менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, украиналык 25 жоокер жана бир эстон жоокери ооруканага түштү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги эстониялык ERR телеканалына таянуу менен жазды.

Маалыматта айтылгандай, эстон армиясы жалдаган атайын автобус Таллиндден Ригага бараткан жана 26-ноябрда кырсыкка кабылган. Анда украиналык жоокерлер эмне үчүн Латвияга барышканы ачык айтылган эмес.

Күн сууктап, жолдорго муз тоңгондуктан кырсык жолдогу көптөгөн инциденттердин бири катары каралууда. Ошол эле маалда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери Украина өз аскерлерин ар кайсы өлкөлөрдө машыктырып жатканы белгилүү. Анын ичинде Балтика мамлекеттери да Киевге аскердик жактан жардам берип жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG