Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

ЕБ “Россельхозбанкты” SWIFT системасына туташтырууну карап жатат


“Россельхозбанктын” кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
“Россельхозбанктын” кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги Орусиянын “Россельхозбанкын” SWIFT банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасына кайрадан туташтыруу маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын өкүлү Петер Стано журналисттерге кабарлады.

Анын айтымында, мындай чара орусиялык жер семирткичтерди жана азык-түлүктү экспорттоого жеңилдик берүү максатын көздөйт.

Петер Стано Евробиримдик бул боюнча Орусиянын өтүнүчүн укканын, бирок санкцияларды өзгөртүүнү уюмдагы 27 мамлекет бир добуштан жактырышы керектигин белгиледи.

Европа Биримдиги Орусия Украинага кол салгандан кийин, мартта алгач SWIFT системасынан Орусиянын ВТБ, "Россия", "Открытие", Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ деп аталган жети банкын өчүргөн. Июндарда “Сбербанкты”, “Россельхозбанкты” жана “Москва кредиттик банкын” аталган системадан үзгөн.

SWIFT аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алат. Бул системага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына 5 миллиарддай кат алмашылат. Системаны Евробиримдиктин мүчөсү Белгиядагы компаниялар башкарат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG