Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Болот Темировдун адвокаттары БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылат


Күч органдары журналист Болот Темировду сот залынан күч менен алып чыгып жаткан учур. 23-ноябрь, 2022.
Күч органдары журналист Болот Темировду сот залынан күч менен алып чыгып жаткан учур. 23-ноябрь, 2022.

Иликтөөчү журналист, 23-ноябрда Кыргызстандан чыгарылган Болот Темировдун адвокаттары Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыларын билдиришти.

Адвокат Бакытбек Автандил уулу кайрылуу бир жуманын ичинде жасаларын "Азаттык" радиосуна кабарлады.

"Биз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жакынкы күндөрү, ушул жуманын ичинде кайрыла турган болдук. Жогорку сотко да кайрылабыз, бирок Жогорку Соттун чечимин күтпөй эле кайрыла турган болдук. Анда Темировдун ишинде кетирилген мүчүлүштүктөр, атуулдуктан ажыратуу, аны кайра кайрып берүү, соттордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдери камтылат. БУУ өзүнүн сунуштамаларын жиберет деп ойлойбуз".

Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировду депортациялоо чечимин сот кабыл алганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура дагы бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG