Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Азамат Баатай: Катарда чектөөлөргө карабай атмосфера мыкты


Азамат Баатай.
Азамат Баатай.

Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Дүйнө биринчилиги бул жолу алгачкы ирет күз-кыш мезгилинде, Жакынкы Чыгышта, мусулман мамлекетинде уюштурулду. Ал жактагы шарттар, чектөөлөр жана футбол тууралуу Катарда учурда эмгектенип жүргөн футбол күйөрманы Азамат Баатай менен маек курдук.

Ал өз сөзүн Дохадагы атмосфераны сүрөттөдөн баштады:

- Катар өзү чакан, бирок бай мамлекет. Футбол боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүүгө катуу даярданышыптыр. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан футбол күйөрмандарын тосуп алуу иш-чаралары баары жолго коюлган. Болгону ар бир көчөнүн боюнда ырлар жаңырып, адамдар бийлеп жатат деп айта албайм. Анткени Катардын өзүнүн футбол маданияты калыптанбагандан кийин көбүнчө өзүнүн курама командаларын колдоп келген күйөрмандар шаан-шөкөт жаратып, атайын ФИФА тарабынан уюштурулган фан-зоналарда атмосфера аябай жакшы десем болот.

- Демек, башка чемпионаттардай эле четтен келген күйөрмандар, футбол ышкыбоздору майрамдап эле жүрүшөбү? Же баары бир чектөөлөр көппү?

- Аябай катуу дуулдап, майрамдап жүрүшөт деп айта албайм. Себеби ошол эле алкоголдук ичимдиктерге тыюу салуу сыяктуу ар кандай чектөөлөр бар. Андан тышкары мейманканалар жетишсиз болгондуктан, бир катар күйөрмандарга жакынкы Бириккен Араб Эмираттарына, Сауд Арабияга чартердик каттамдар уюштурулган. Ошондуктан алар эртең менен учуп келип, оюнду көрүп кайра кетип жатышат. Ошол эле маалда шаан-шөкөт жаратам деген күйөрмандар жаратып эле атышат деп айтсам болот.

- Айрым эсептерге караганда, Катар бул чемпионатты өткөрүү үчүн 200 миллард доллар сарптаган экен. Бул ошол эле Орусия менен Бразилия короткон акчага караганда алда канча көп. Айрымдар ушунча каражат жумшалганына ишенбей да жатышат. Сиз ошол жактагы курулуштардын, жаңы имараттардын масштабын көргөндөн кийин кандай ойдосуз?

- Менимче, толук мүмкүн. Анткени Катар дүйнө биринчилигин өткөрүү укугуна ээ болгон маалда бул мамлекетте метро да жок болгон, инфраструктура да азыркы деңгээлге жетчү эмес. Стадиондор, аэропорт, метро, жүздөгөн мейманканалардын курулушун алганда ошончо каражат кетиши мүмкүн. Башка чемпионаттарга салыштырмалуу баардык стадиондор ушул Доха шаарынын эле тегерегине курулган. Автоунаа менен биринен экинчисине 30-40 мүнөттө жетсе болот. Болгону "Ал-Байт" деген оюндардын ачылышы өткөн чоң стадион бир аз шаардан алысыраак жайгашкан.

Катардагы "Лусаил Айконик" стадиону.
Катардагы "Лусаил Айконик" стадиону.

- Чемпионат маалында убактылуу жумуштарда иштеп жүргөн кыргызстандыктар көп элеби?

- Ооба, көп эле. Кыргызстандан эле эмес, дүйнөнүн баардык булуң-бурчунан келип, иштеп жүрүшөт. Жергиликтүү калктын саны аз болгондуктан,жумушчу күчүнө аябай эле муктаж. Европадан, Азиядан, Африканын түндүгүнөн келгендер абдан көп.

- Бул оюндар баштала элек жатып эле, ар кандай ызы-чуулар менен коштолду. Стадиондорду курган чет элдиктерге шарт түзүлбөгөндүктөн, каза болгондор көп болгону кабарланды. Жалпысынан шарттар кандай? Жергиликтүүлөр чемпионат тууралуу эмне деп жатышат?

- Жергиликтүүлөр абдан сыймыктанып жатышат. Бир эле катардыктар эмес, жалпы араб мамлекеттери чемпионаттын Дохада өтүп жатканына кубанычта экенин байкадым. Ал эми шарттар тууралуу айтсам, баары жакшы эле. Андай деле мигранттардын укуктарынын бузулушу жөнүндө кептерди уккан жокмун.

Катардагы курулушчулар.
Катардагы курулушчулар.

- Сиз өзүңүз да бир кезде спорт комментатору болгонусуз, футбол күйөрманысыз. Буга чейин букмекерлер Бразилия, Аргентина командалары утат деп коюп жатканын билебиз. Бирок Аргентина биринчи эле айлампада Сауд Арабиясына утулуп, көптөрдү бир аз нес кылып койду окшойт. Сиз кайсы команда жеңишке жете алат деп күтөсүз?

- Мен деле көрөгөчтүк, көз ачыктык кылбай эле коеюн. Ошентсе да өзүмдүн боолгом менен бөлүшө кетсем, Аргентина биринчи оюнда утулуп калса дагы фавориттердин катарында кала берет. Жеңүүчүлөрдүн арасынан Бразилия, Англия, Франция жана Германия командаларын көрө алам. Булардын курамы абдан күчтүү. Ошондой эле футболдук тарыхы, тажрыйбасы бар. Өзүлөрүнө ишенимдүү.

- Ар бир чемпионатта көптөр күтпөгөн команда алдыга суурулуп чыгат эмеспи. Мисалы, өткөн чемпионатта Хорватия болду эле. Бул жолу кайсы мамлекеттин курамасы ошондой күтүүсүз ийгиликке жете алат деп ойлойсуз?

- Жеке көз карашым боюнча, балким бул чемпионатта Жапония менен Уругвай күтүлбөгөн жакшы жыйынтык көрсөтө алышат. Албетте, 2018-жылы Хорватиянын финалга чейин жетиши көптөр үчүн таң калыштуу болгон.

- Сауд Арабия, Марокко, Тунис сыяктуу араб мамлекеттеринин командалары биринчи оюндарында өзүлөрүн жакшы көрсөтө алышты. Мындан ары да алардан кандай жыйынтык күтсө болот?

- Араб мамлекеттерин бул жакта колдоо аябай жакшы. Сауд Арабиянын биринчи оюнунан кийин аларга ишенгендер да аябай көбөйдү. Жергиликтүү калк дагы араб командаларын колдоп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG