Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Катар-2022: Дүйнө чемпионатынын алгачкы сенсациялары


Германия менен Жапониянын беттешинин соңу. 23-ноябрь, 2022-жыл.
Германия менен Жапониянын беттешинин соңу. 23-ноябрь, 2022-жыл.

Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык беттештердин биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Футбол адистери эки сенсациялуу учурга көңүл буруп жатышат.

Чемпионат 20-ноябрда Катар-Эквадор командаларынын оюну менен башталган. Мелдешти уюштуруп жаткан өлкө алгачкы оюнунда эле 2-0 эсебинде утулуп калды. Катардын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Феликс Санчес мунун себебин аларга тагылган ашыкча жоопкерчилик менен байланыштырган. A тобунда Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланддар ойноп жатат.

Нидерланддар биринчи беттешинде Сенегал менен ойноп, 2:0 эсебинде утту. Беттештин 84-мүнөтүндө 23 жаштагы чабуулчу Коди Гакпо эсепти ачты. Экинчи голду жарым коргоочу Френки де Йонг киргизди. Нидерланддар бир да жолу дүйнө чемпиондугун ута элек. Алар акыркы ирет 2010-жылдагы чемпионатта финалга жетип, испандарга утулган. Бирок ошентсе да алар бул жолку чемпионатта фавориттердин катарында эмес дейт айрым футбол адистери.

Сенегалдыктар өзгөчө ишеним арткан чабуулчу, “Бавария” клубунун оюнчусу Садио Мане Германиянын Бундес лигасынын беттештеринин биринде жараат алып, Дүйнөлүк чемпионатка катыша албай калды. Улуттук курама команда алгач анын тез арада сакайып кетерин үмүттөнүп, тайпадагы оюндардын соңуна чейин чыгат деп күткөн. Кийин анын Катардагы мундиалга катыша албашы белгилүү болду.

  • Бүгүн, 25-ноябрда Катар-Сенегал курама командалары тайпадагы экинчи беттешин өткөрүүдө. Ушул эле күнү Нидерланддар менен Эквадор ойнойт.
  • А тобундагы жыйынтыктоочу беттештер 29-ноябрда өтөт. Анда Эквадор - Сенегал, ошондой эле Нидерланддар менен Катар ойнойт.
Англия курама командасынын оюнчусу Жек Грилиш голун майрамдап жатат. 21-ноябрь, 2022-жыл.
Англия курама командасынын оюнчусу Жек Грилиш голун майрамдап жатат. 21-ноябрь, 2022-жыл.

B тобундагы Англия чемпионатка фавориттердин катарында келген. Алар биринчи беттешин Иранга каршы ийгиликтүү ойноп, ири эсепте (6:2) жеңип алды. Бул чемпионат Иранда кыз-келиндердин укугунун корголушун талап кылган нааразылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келди.

21-ноябрда "Халифа" стадионунда Ирандан барган күйөрмандар плакаттарды кармап, дүйнөнүн көңүлүн өлкөсүндөгү көйгөйгө бурдуруп жатты. Сүрөттөгү плакаттардан “Аял жашоосу эркин” деген жазууну окууга болот.

АКШ менен Уэльстин беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Англия 2018-жылы чоң ийгилик жаратып, жарым финалга чейинки жолду басып, бирок хорваттарга уттуруп жиберген. Ошентип 1966-жылдан бери Англия курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыга албай келет. Бул жолу анын курамы да, мүмкүнчүлүгү да жогору бааланып турган чагы.

Ирандын командасы жеңишин майрамдап жатат. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Ирандын командасы жеңишин майрамдап жатат. 25-ноябрь, 2022-жыл.

B тобунун экинчи айлампасы бүгүн, 25-ноябрда Уэльс менен Иран ортосунда өтүп, ирандыктар 0:2 эсебинде утуп алды.

Ушул эле күнү кечинде "Ал-Байт" стадионунда Англия-АКШ беттешине күбө болобуз.

  • B тобундагы жыйынтыктоочу оюндар 29-ноябрда өтөт. Анда Иран - АКШ, Уэльс - Англия беттешет.

Сауд Арабиясы жараткан сенсация

Сауд Арабия менен Аргентина беттешиндеги күйөрмандар. 22-ноябрь, 2022-жыл.
Сауд Арабия менен Аргентина беттешиндеги күйөрмандар. 22-ноябрь, 2022-жыл.

Катардагы дүйнө чемпионатындагы биринчи сенсацияны Сауд Арабиясы жаратты. Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 51-орунда турган араб өлкөсү белгилүү футбол жылдыздары менен таанылган, эки жолу дүйнө чемпиону (1978-жылы, 1986-жылы) болгон Аргентинаны (2:1) утуп алды.

Аргентина курама командасы дүйнө кубогунун негизги талапкери катары аталып жаткан. Ал соңку үч жылдан бери – 35 беттешинин биринде да жеңилүү ызаасын тарта элек болчу. ФИФАнын 2022-жылдын октябрындагы рейтингинде Аргентина 3-орунду ээлеген.

Лионел Месси чемпионаттын алдында ал үчүн дүйнө кубогун жеңип алуунун акыркы мүмкүнчүлүгү экенин айткан эле. Ал беттештин биринчи бөлүгүндө эсепти ачканы менен саудиялыктар жеңишти илип кетти.

Сауд Арабиясы акыркы 20 жыл ичинде ФИФА рейтингинде улам бир орундан жылышып, туруктуулугун сактай албай келген. Катарга келердин алдында үч беттешин утканы менен көптөр андан мындай жыйынтыкты күткөн эмес.

Сауд Арабиясынын падышасы Мухаммед бин Салман 23-ноябрды дем алыш күн катары жарыялап жиберди.

Азырынча Аргентина курама командасы C тобунда акыркы орунда турат. Ушул эле топтогу Мексика-Польша беттеши (0:0) тең чыгуу менен аяктады.

  • 26-ноябрда Польша-Сауд Арабиясы ойнойт. Ушул эле күнү Аргентина менен Мексика беттешет.

Албетте, бул Мессинин командасы үчүн чечүүчү беттеш. Эгерде эле жаза басып утулуп калчу болсо, кийинки баскычка чыгуу үмүтү үзүлөт. Бирок футбол адистери Аргентинанын мүмкүнчүлүгүн дале жогору баалап турган учуру.

  • C тобундагы жыйынтыктоочу – үчүнчү айлампа 30-ноябрда Польша-Аргентина, ушул эле күнү Сауд Арабия – Мексика ортосунда болот.
Франция - Австралия беттеши. 22-ноябрь, 2022-жыл.
Франция - Австралия беттеши. 22-ноябрь, 2022-жыл.

Дүйнө чемпионатынын алдында букмекерлер рейтингин жарыялап, фаворит саналган командаларды атаган. Алардын божомолунда кубоктун башкы талапкери катары биринчи орунда Бразилия, экинчиде Франция, үчүнчүдө Аргентина аталган эле.

D тайпасында Франция биринчи беттешин Австралияга каршы ойноп, 4:1 эсебинде жеңди. Ушул эле топтогу Дания-Тунис (0:0) тең чыкты.

Франциянын фаворит оюнчулары – быйылкы "Алтын топтун" ээси, "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Карим Бензема жана "Ювентус" клубундагы Поль Погба жаракатынан улам чемпионатка катышпай калды. Бирок курамда Усман Дембеле, Оливье Жиру, Килиан Мбаппе сыяктуу мыкты чабуулчулар бар.

  • 26-ноябрда Тунис менен Австралия ойнойт. Ушул эле күнү Франция-Дания беттешин көрөбүз.
  • D тобундагы жыйынтыктоочу беттештер 30-ноябрда өтүп, Австралия – Дания беттешет, ушул эле күнү Тунис менен Франция ойнойт.

“Немис машинесин” токтоткон жапондор

Жапониялык футбол күйөрмандары.
Жапониялык футбол күйөрмандары.

23-ноябрда Е тайпасындагы эки оюн тең кызыктуу болду. Футбол адистери Германия менен Жапониянын беттешин сенсация деп жатышат. Себеби ФИФАнын рейтингинде 11-орунда турган Германияны Жапониянын утуп аларын көпчүлүк деле күткөн эмес.

Мурдакы дүйнө чемпионатта жапон фанаттары өздөрү отурган жерди тазалап, таштанды калтырбай кеткен видеолору менен интернетте топ жарса, мунусунда жапон футболчулары “немис машинесин” токтотуп таң калтырды.

E тобунда Испания, Коста-Рика, Германия, Жапония беттешет.

Испания биринчи беттешинде Коста-Риканы ири эсепте (7:0) утуп, экинчи жолу дүйнө чемпиондугун утууга дымагы чоң экенин көрсөттү. Испания курама командасы - Европанын эки жолку чемпиону, 2010-жылкы дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү. Бул жолку алар чемпионаттагы эң жаш курамдардын бири.

  • 27-ноябрда Жапония-Коста-Рика ойнойт. Ушул эле күнү Германия Испанияга каршы ойноп, кийинки баскычка өтүүгө аракет кылат.
  • E тобундагы жыйынтыктоочу оюндар 1-декабрда өтөт. Коста-Рика – Германия менен ойнойт, ушул эле күнү Жапония – Испания чечүүчү беттешин өткөрөт.

F тобунда Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия беттешип жатат. Биринчи оюнда Марокко-Хорватия (0:0) тең чыкты.

Акыркы дүйнө чемпионаттарында Хорватиянын курама командасы атаандаштары үчүн оңой жоо болгон эмес. Калкынын саны 4 млн. ашык чакан өлкө 2018-жылдагы чемпионатта финалга чейин жеткен. Андан мурун да жарым финалга чейин жеткен учурлары болду. Бирок хорваттар биринчи беттешинен голсуз жана жеңишсиз чыкты.

Ушул эле топтогу Бельгия курамасы Канаданы 1:0 эсебинде утуп алды. ФИФАнын 2022-жылдын октябрындагы рейтингинде Бельгия 2-орунда аталган. Өткөн чемпионаттагы ийгиликтүү оюндарын эске алганда, бул командага дагы ишеним арткан футбол адистери көп.

Канада курамасы 1986-жылы алгач ирет Дүйнө чемпионатына катышкан. Бирок тайпадагы үч беттешинде тең жеңилүү ызаасын тарткан. Бул алардын экинчи ирет катышуусу. Тандоо оюндарында канадалыктар ийгиликтүү ойногон.

Кийинки беттештер:

  • 27-ноябрда Бельгия-Марокко, Хорватия-Канада ортосунда болот.
  • 1-декабрда Канада – Марокко, Хорватия – Бельгия беттешет.

G тобунда Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун ойноп жатат. Дүйнөнүн беш жолку чемпиондору бразилиялыктар биринчи беттешинде Сербияны 2:0 менен утту.

Бразилиялык чабуулчу, франциялык "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймар чемпионаттын алгачкы тайпалык оюнунда жаракат алды. Мындан улам ал Сербия менен болгон оюндун ортосунда алмашууга чыгууга аргасыз болду. Команданын дарыгери анын ден соолугу боюнча так бир нерсе айта албасын, 48 саатка чейин байкоо салып турушарын билдирди.

Сербия менен беттеште биринчи айлампадагы эң мыкты кооз голду бразилиялык Ришарлисон Андраде бутун кайчылаштырып, өзү аркылуу тээп киргизди.

Ал эми Швейцария Камерунду (1:0) жеңип алды.

  • 28-ноябрда "Ал-Жануб” стадионунда Камерун-Сербия беттешин көрөбүз, ушул эле күнү Бразилия-Швейцария беттешет.
  • 2-декабрда Камерун -Бразилия, Сербия-Швейцария беттешин көрөбүз.

Жогоруда белгилегендей, букмекерлер рейтингинде азырынча кубоктун башкы талапкери катары биринчи орунда Бразилия аталууда.

H тобунда Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея бар.

Биринчи оюнда Уругвай менен Түштүк Корея (0:0) тең чыкты. Уругвай - Түштүк Америкадагы күчтүү курама командалардын бири. Алар дүйнө чемпиондугун (1930-жылы, 1950-жылы) эки ирет утуп алышкан.

Түштүк Корея Азиядагы күчтүү команда саналат. 2002-жылдагы Дүйнө чемпионатында алар жарым финалга чейин жеткен. Анын курамындагы көзгө басар оюнчусу Сон Хин Мын англиялык "Тоттенхэм" клубунун чабуулчусу.

Бул топтогу Португалия менен Гананын беттеши айгышкан мүнөздө өтүп, 3:2 эсебинде европалык команда утуп кетти. Катардагы чемпионат Португалия жылдызы 37 жаштагы Криштиану Роналду үчүн да акыркы болушу мүмкүн.

Криштиану Роналду футбол тарыхында беш жолу дүйнө чемпионатына катышып, гол киргизген оюнчу болуп калды.
Криштиану Роналду футбол тарыхында беш жолу дүйнө чемпионатына катышып, гол киргизген оюнчу болуп калды.

Футбол күйөрмандары үчүн бул аптада дагы бир жаңылык болду - Англиянын "Манчестер Юнайтед" футбол клубу Криштиану Роналду менен келишимди үздү. Расмий кабарга ылайык, португалиялык спортчу өз ара макулдашуу менен дароо клубдан кетип жатат.

Клуб ага "Олд Траффорддогу" эбегейсиз салымы, 346 беттеште 145 гол киргизгени үчүн ыраазычылык билдирип, ага жана үй-бүлөсүнө келечектеги жакшылыктарды каалаган.

  • 28-ноябрда Түштүк Корея Гана менен беттешет. Ушул эле күнү "Лусаил" стадионунда Португалия - Уругвай оюнун көрөбүз.
  • H тобундагы жыйынтыктоочу оюндар 2-декабрда болот. Анда Гана менен Уругвай беттешет. Ал эми Түштүк Корея Португалия менен ойномокчу.

Беттештер Катардагы беш шаардагы сегиз стадиондо өткөрүлүүдө. Катардагы климатка байланыштуу күз-кышкы мезгилде өткөрүлүп жаткан чемпионатты уюштурууга 200 миллиард доллар сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.

Катар бул чемпионатты өткөрүүгө укук алган мезгилден тарта ар кыл жаңжал орун алып келди. Бул өлкөнү тандоо учурундагы ФИФАдагы айрым жетекчилер коррупцияга шектелсе, кийин спорттук жайларды куруудагы курмандыктар, Катардагы адам укуктарынын абалы боюнча сын-пикирлер токтогон жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG