Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08
Спорт
Катар-2022: Дүйнө чемпионатындагы сенсациялар
24-Ноябрь, 2022
1
Чемпионат 20-ноябрда Катар-Эквадор командаларынын оюну менен башталды. Мелдешти уюштуруп жаткан өлкө алгачкы оюнунда эле 2-0 эсебинде утулуп калды. Катардын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Феликс Санчес мунун себебин аларга тагылган ашыкча жоопкерчилик менен байланыштырды.
2
Перс булуңундагы араб мамлекети мелдешти өткөрүү үчүн 200 миллиард доллар сарптады.
3
Катардагы дүйнөлүк чемпионат Иранда кыз-келиндердин укугунун корголушун талап кылган нааразылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келди. Ирандан барган күйөрмандар стадиондордо плакаттарды кармап, дүйнөнүн көңүлүн өлкөсүндөгү көйгөйгө бурдуруп жатты. Сүрөттөгү плакаттардан “Аял жашоосу эркин” деген жазууну окууга болот.
4
5
Катардагы дүйнө чемпионатындагы биринчи сенсацияны Сауд Арабиясы жаратты. Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 51-орунда турган араб өлкөсү белгилүү футбол жылдыздары менен таанылган, эки жолу дүйнө чемпиону болгон Аргентинаны (2:1) утуп алды.
6
Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы С тайпасындагы беттеште Аргентина курамасы Сауд Арабияга 1:2 эсебинде утулду. Оюн 22-ноябрда болду. Чемпионатка катышып жаткан 32 мамлекет сегиз тайпада күч сынашууда. Ар бир тайпада төрттөн команда бар. Алар бири-бири менен беттешип, тайпадан эки курама кийинки баскычка чыгат.
C
тобу
:
Аргентина, Сауд Арабиясы, Мексика, Польша.
7
Аргентинанын курама командасын баштап барган 35 жаштагы Лионел Месси.
Катардагы чемпионат анын карьерасындагы акыркы таймаш болушу мүмкүн экенин айтылууда. Аргентина биринчи беттешинде утулуп калгандан кийинки Мессинин сүрөттөрү дүйнөлүк медиага желдей тарады.
8
Бул чемпионатта Англия дагы фавориттер катарынан орун алган. Алар биринчи беттешин Иранга каршы ийгиликтүү ойноп, ири эсепте (6:2) жеңип алды.
9
Англия курама командасынын оюнчусу Жек Грилиш голун майрамдап жатат.
10
Дүйнө чемпионатынын алдында букмекерлер рейтингин жарыялап, фаворит саналган командаларды атаган. Алардын божомолунда кубоктун башкы талапкери катары биринчи орунда Бразилия, экинчиде Франция, үчүнчүдө Аргентина аталган эле.
D тайпасында Франция биринчи беттешин Австралияга каршы ойноп, 4:1 эсебинде жеңди.
D
тобу
:
Франция, Австралия, Дания, Тунис.
11
Англия менен Ирандын беттеши.
B
тобунда
:
Англия, Иран, АКШ, Уэльс ойнойт.
12
Германия курама командасы беттеш алдында сүрөткө түшүп жатып, Катардын футболчуларды ЛГБТны символдоштурган түстүү тасма менен чыгуусуна тыюу салган чечимине каршылык билдирди. 23-ноябрда Е тайпасындагы эки оюн тең кызыктуу болду. Футбол адистери Германия менен Жапониянын беттешин сенсация деп жатышат. Себеби ФИФАнын рейтингинде 11-орунда турган Германияны Жапониянын утуп аларын көпчүлүк деле күткөн эмес.
13
Жапония футболчуларынын кубанычы.
E тобунда Испания, Коста-Рика, Германия, Жапония беттешет.
14
Cүрөттө Катардагы чемпионаттын тумары. 2022-жылы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Катарда өтөрү мындан 12 жыл мурда Цюрихте белгилүү болгон. Мундиалды өткөрүүгө талапкер мамлекеттердин арасынан финалга АКШ менен Катар чыккан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мелдештер биринчи жолу Жакынкы Чыгышта, мусулман мамлекетинде өтөрү жарыяланган.
Катар-2022: Дүйнө чемпионатындагы сенсациялар
Тектеш
Катар-2022: Дүйнө чемпионатынын алгачкы сенсациялары
Сунуш кылынган арга.
Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди
Back to top
XS
SM
MD
LG