Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

ИИМ: Эки жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына караганда, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

25-ноябрдан бери Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк өтүүдө. Зордук-зомбулукту токтотууга багытталган бир топ иш-чара менен катар коомчулукка үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо боюнча онлайн акция да уюштурулууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова демилгелеген мыйзам долбоорунун максаты – зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катуулатуу жана жабыркагандарды ошол замат натыйжалуу коргоого алуу.

Эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, зордуктоого, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө, балакатка жете электерди мажбурлап никеге тургузууга, алардын никесин кыюуга шектүүлөргө карата козголгон кылмыш иши тосмо арыз жазылган учурда да жабылбайт. Үй-бүлөлүк зомбулук деп дене-боюна гана тийген залака эмес, психологиялык жана экономикалык да зыян эсептелет, үй-бүлөсүнө кордук көрсөткөн киши 7 суткага чейин камакка алынат, ал териштирүү бүткөнчө үйдөн чыгып кетүүгө, атайын коррекциялык программадан өтүүгө милдеттүү болот, милиция кылмыш ишин жабыркагандын арызын күтпөстөн козгой берсе болот, арызды ал өзү эле эмес, башкалар да жаза алат, зомбулуктан жабыркаган адамга берилүүчү коргонуу ордеринин мөөнөтү 3 күндөн 30 күнгө чейин узартылат, милиция шектүүнү медициналык экспертизанын корутундусун күтпөстөн кармоого милдеттүү болот, зомбулукка күбө болгон балдар дароо жабыркаган тарап деп таанылат.

Ушул тапта аталган мыйзам долбоорунун талкуусу уланып жатат. Талкуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү программасынын (USAID) «Жигердүү жарандар» долбоору жана «Луч Света» уюмунун жардамы менен уюштурулууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG