Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Кемпир-Абад иши: Чыңгыз Капаров башка абакка которулду


Чыңгыз Капаров. 2022-жылдын 10-ноябры.
Чыңгыз Капаров. 2022-жылдын 10-ноябры.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Чыңгыз Капаров Бишкектеги №1 тергөө абагынан медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Чүйдүн Молдовановка айылындагы колонияга которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 11-ноябрда Капаровду дарыгерлер текшергенде кулагынын өнөкөт оорусу кармаганын, көрүүсү да начарлаганын айтып, Молдовановкадагы №31 колониянын борбордук ооруканасына которушкан. Активисттин абалы канааттандырарлык болуп калганы, мүмкүнчүлүк болсо Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу ооруканага жаткыруу зарыл экени белгиленди.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган, алардын дээлик баары 20-декабрга чейин камакка алынган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG