Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Тажикстанда Соростун “Ачык коом” институту негиздеген бөлүмү жабылууда


Жорж Сорос.
Жорж Сорос.

Тажикстанда Сорос фондуна караштуу “Ачык коом” институтунун “Тажикстанга көмөк фонду” жабылууда. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Фонддун өкүлдөрү “2021-жылы башталган уюмдагы кайра куруу ишмердигинен улам бул чечим кабыл алынды” деп кабарлады.

Сорос фондунун расмий билдирүүсүндө дүйнөдөгү жыйырмадан ашуун улуттук фонддордун аймактагы өкүлчүлүктөрүн реструктуризациялоо чечими кабыл алынганы жазылган. Акыркы 25 жылдын ичинде “Тажикстанга көмөк фонду” өлкөдөгү жарандык коом менен көз карандысыз басма сөзгө грант берген негизги булак болгон.

1984-жылдан бери миллиардер Жорж Сорос каржы базарынан тапкан 32 млрд. долларды адам укугу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, сөз эркиндигин өнүктүрүүгө жумшап келет.

Соростун фонддору 2015-жылы Орусияда өлкөнүн конституциялык түзүмү менен коопсуздугуна коркунуч жаратат деп табылган.

Соростун “Ачык коом” институту Тажикстандагы жергиликтүү бөлүмүн бул өлкөнүн бийлиги эл аралык уюмдар тарабынан сөз эркиндигин кысып жатат деп сынга алынып турган маалда жабууда.

Тажик бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине бардык шарттар түзүлгөнүн билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG