Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Украина: Электр энергиясы көпчүлүк аймактарда калыбына келтирилди


Украина. 2022-жылдын 27 ноябры.
Украина. 2022-жылдын 27 ноябры.

Украинанын көпчүлүк облустарында электр энергиясы турукташтыруу жадыбалына ылайык гана өчүрүлүп жатканын 28-ноябрга караган түнү өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал Орусиянын 16-ноябрдагы катуу чабуулунан кийин электр энергиясын калыбына келтирүү иши күн сайын ырааты менен жүргүзүлүп келгенин, азыр кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө экенин айтты.

Украинанын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 23-ноябрда Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин өлкөдөгү бардык атомдук, айрыкча жылуулук жана гидроэлектр станциялары убактылуу иштен чыгып калган, электр жарыгын өткөрүү объектилери талкаланган.

Орусия 23-ноябрда Украинанын борбору Киевди жана башка аймактарды бутага алып, жалпысынан алты адамдын өмүрү кыйылган, дагы 36 адам жараат алган.

Расмий Москва көптөгөн далилдерге карабастан жарандык объектилерге чабуул жасабаганын айтып келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG