Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

"Кыргызстан адам укугун бузуп жатса, дүйнөдө ал үчүн кантип күрөшөт?"


Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон жүрүштүн катышуучулары. 14-октябрь, 2022-жыл.

Адам укуктарын коргогон Human Rights Watch эл аралык уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Бишкекке келип, кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту. Абройлуу уюмдун өкүлү "Азаттыктын" студиясына келип, кыргыз өкмөтү менен жолукканда эмне маселелерди көтөргөнү тууралуу кеп салып, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына тынчсыздануусун билдирди.

- Сиз Бишкекке келериңиз менен эле Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов менен жолуктуңуз. Кандай маселелерди козгодуңуз, диалогуңар кайсы өңүттө өттү?

- Ооба, кечээги биздин жолугушуу жылуу маанайда өттү. Биз Кыргызстандагы азыркы адам укугу темасын козгоп, ага байланыштуу бир нече суроо бердик. Албетте, жалпыcынан алганда азыр Кыргызстан кыйын кырдаалда. Кыргызстан дагы дүйнөлүк экономикалык кыйынчылыктан улам кыйналып жаткан чагы. Украинадагы согуштук абал да Кыргызстанда оор жагдайды жаратууда. Бирок мунун баары адам укугуна байланыштуу абалды курчутууга себеп боло албайт деген ойду ага айттык. Мындан тышкары дагы бир нече маселени козгоп, былтыр кабыл алынган сөз эркиндигин чектеген начар мыйзамды, ошондой эле азыркы тапта сунушталып жаткан басма сөз жана бейөкмөт уюмдарды чектөөгө багытталган эки мыйзам долбоорун жана жакында камалган жарандык активисттер, саясатчыларга байланыштуу суроолорду бердик.

Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушту. 22-ноябрь, 2022-жыл.
Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушту. 22-ноябрь, 2022-жыл.

- Байсалов мырза жарандык активисттерди камалышы тууралуу сиздин суроого кандай жооп кайтарды?

- Өткөн айда жыйырмадан ашык жарандык активист, оппозициялык ишмерлер кармалды. Алар 20-декабрга чейин тергөө абагына чейин калды. Алардын Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара келишимине байланыштуу тараткан билдирүүсү камоого себеп болгон. Биз аларды кармоого байланыштуу далилдер жетишсиз экенине тынчсыздануудабыз. Аларды камоого ошончолук негиз бар беле, түшүнүксүз. Ошондой эле аларды камоого зарылдык жок экени тууралуу да өзүнчө билдирүү жасап чыкканбыз.

Соттук териштирүү башталган күндө деле аларды темир тор артына камап койбой, эркиндикте деле сотту улантса болмок. Байсалов биздин бул сурообузга жооп бергенде, камактагы активисттер өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткандан улам кыйын кырдаалда ушундай чечим чыкканын айтты. Биз буга макул эмеспиз, аларга карата кылмыш иши ачылган күндө деле сот болгуча эркиндикте турууга толук укуктуу болчу. Алар тез арада убактылуу камактан бошотулууга тийиш.

- Сиз жолугушууда "Азаттык" радиосуна байланыштуу дагы маселе козгодуңузбу?

- Бул маселени дагы сүйлөштүк, мен ага мындай кылууга болбостугун айттым. "Азаттык" радиосуна каршы катаал чараларды санап, банк эсеби менен сайтын бөгөттөө, радио-теле эфирлерин чыгарбоо туура эмес экенин айттым. Радио менен веб-сайтта иштегендер Тажикстан менен чек ара кагылышын чагылдырууда кадимки эле жумушун аткарып жаткан. Медианын ролу ошондо экенин, мындай сезимтал жана оор окуяларды эки тараптын тең комментарийи менен чыгаруу зарылдыгын айттым.

Ал бул маселелерге өзгөчө баа берерин айтканы менен "Азаттык" радиосуна көрүлгөн чараларды сындаган жок, карама-каршы пикирин айтпады. Банктык эсеп эмнеге бөгөттөлгөнүн, ТВ, радио эфирлер менен сайт эмнеге токтотулуп жатканын так ачыктаган жок. Ал тек гана "бул зарыл чара" деп түшүндүрдү. Биз ар дайым Кыргызстанда басма сөз эркиндигин жактап келгенбиз. Кыргызстан көз карандысыз, эркин басма сөзү бар өлкө деп таанылган. Бул салт уланышы керек эле. Ал эми "Азаттык" радиосуна каршы кадамдар өлкөнү артка тартары шексиз.

- Human Rights Watch уюму басма сөздү көзөмөлдөөчү мыйзам долбооруна байланыштуу атайын билдирүү жасады. Буга чейин да силердин уюм Кыргызстандагы адам укугу сакталбай жатканы, эркин медиага байланыштуу кыргыз бийлигине бир нече жолу кайрылдыңар. Бийлик силердин билдирүүлөргө кандайдыр бир деңгээлде реакция жасайбы? Же бир тараптуу эле бойдон калуудабы?

- Биздин билдирүүлөр Кыргызстан эл аралык адам укугун сактоо үчүн алган милдеттемелерин аткарууга чакырат. Кыргызстан эл аралык адам макулдашууларга кошулган, Конституциясы адам укугун биринчи орунга коёт, бирок Баш мыйзамды аткарып же аткарбай жатканы башка маселе. Биз дал ушул мыйзам жана келишимдердин аткарылышынын негизинде дүйнөдөгү токсондон ашуун өлкөнүн катарында Кыргызстандагы адам укугуна баа беребиз. Мындай шартта сөз эркиндиги менен бейөкмөт уюмдарга байланыштуу сунушталган мыйзам долбоору аркылуу Кыргызстан өзүнүн милдеттемелерин аткара албай жатат. Эл аралык адам укугу стандарттарына ылайык келбеген жагдай түзүлдү.

"Азаттык" сыяктуу көз карандысыз медианы кысып, сунушталган бейөкмөт уюмдардын ишмердиги тууралуу мыйзамда өкмөттүк эмес уюмдарды, жарандык активисттерди, укук коргоочуларды жана гуманитардык уюмдарды болушунча чектегени турушат. Мындай уюмдар алдыда каттоодон өтө албай калса карапайым адамдардын абалы кандай болот? Ушундан улам бул маселени козгоп жатабыз. Биз кыргыз өкмөтү менен конструктивдүү диалог кургубуз келет. Алардын өз моюнуна алган эл аралык милдеттемелерин эсине салгыбыз келет.

Кечээ Министрлер кабинетинин төрага орун басарынан тышкары тышкы иштер министри менен да жолуктук. Биз алар менен тил табыша алабыз деген ойдо өз тынчсызданууларыбызды айтып, отчетторубузду көрсөттүк. Алар менен диалогго барып, эл аралык адам укугуна байланыштуу милдеттемелерди аткарууда кандай жоопкерчиликтери бар экенин түшүнүүгө жардам берүү ниетиндебиз. Кыргызстан бул багытта эл аралык деңгээлде өзгөчө орунда турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана парламенттик демократиялык башкаруу болгон, көз карандысыз медиа менен эркин жарандык коомду колдоо тарыхы бар. Буга кошумча Кыргызстандын эл аралык адам укугун коргоо чөйрөсүндө дымагы бийик. Жакында эле үчүнчү жолу Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугру кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Ушундан улам дүйнөдөгү адам укугун коргоо милдетине киришүүдөн мурда өз өлкөсүндө адам укугун коргоону колго алышы керек.

Өлкө эл аралык деңгээлде адам укугун коргоо милдетин алып жатат. Бул маселени бийликтин эки өкүлү менен тең жолукканда көтөрүп, кыргыз бийлиги өз мекенинде адам укугун тебелеп-тепсеп жатканда, кантип БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болот алат деген суроону койдук.

- Өлкө эл аралык милдеттемелерин аткарбаса кесепеттери кандай болот?

- Кыргызстан эл аралык коомчулуктун күчтүү мүчөсү болгусу келет, бирок адам укугуна байланыштуу эл аралык стандарттарды сактабаса, өлкө обочодо калат. Ошондой эле сырткы дүйнө менен алка-катышына доо кетип, Бириккен Улуттар Уюмундагы кадыр-баркы азаят. Баарынан маанилүүсү - кыргыз бийлиги өз өлкөсүндө адамдардын укугун коргоого милдеттүү. Алар өлкөнүн катардагы жаранын колдоп, маалымат алууга эркиндик берип, өкмөттүк эмес уюмдарды түзүүгө тоскоол болбой жана башка адам укугуна байланыштуу стандарттарды сактоого тийиш. Эгер муну аткарбаса, алар Кыргызстандын элин чөгөлөтүп салат, биз ушуга аябай тынчсызданып жатабыз.

- Сиз айткандай, бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеген эки мыйзам долбоору коомдук талкууда. Алардын бирөөнү президенттик администрация сунуштаса, экинчисин парламент депутаты сунуш кылды. Айрым эксперттер бул мыйзам долбоору Конституциядагы беренелерге каршы экенин эскертүүдө. Эгер кабыл алынса анын кесепети кандай болушу ыктымал?

- Албетте, биз дал ушул мыйзам долбоору өлкө Баш мыйзамындагы беренелерге каршы келип, анан эң негизгиси Бириккен Улуттар Уюмунун "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө" фундаменталдык келишимдер кепилдик берген укуктардын чектелишинене тынчсызданып жатабыз. Мыйзамды кабыл алуу менен өкмөт өз өлкөсүнүн Конституциясына каршы чыгат. Ал эми иш жүзүнө келгенде катардагы адамдар өз алдынча бейөкмөт уюм түзө алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калат дегенге барабар. Мындай уюмдар коом үчүн өтө маанилүү, себеби элге, карапайым адамдардын жашоосун оңдоого көмөктөшкөн уюмдар көп. Элдин үнүн саясий, экономикалык маселелерде бийликке угузуп келишет.

Өнөктүк өткөрүп эле тим болбой, өлкөнүн социалдык абалын оңдоого багытталган уюмдар да. Мындай уюмдарды түзүү, каттоо кыйындайт, алардын иши, баяндамалары чектелет. Бийлик бейөкмөт уюмдар ачык- айкын болушу керек деп жатпайбы, алар ансыз деле ачык иштешет да. Ансыз деле каржы кайдан келип жатканын милдеттүү түрдө отчет берип турушу керек. Бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзамдар, стандарттар ансыз деле бар, аны өзгөртүп, кайрадан карап чыгууга негиз жок деген ойдобуз. Эгер бул мыйзамды кабыл алууга бийлик жол ачса, анын кесепети оор болушу мүмкүн. Биз ошого тынчсызданып жатабыз.


- Кесепетине кеңири токтолсок, айрым эксперттердин айтымында, эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса анда өлкөдө жакырчылыктын да деңгээли өсөт деп жатышат. Бул ойго кошуласызбы?

- Жарандык коомдун негизги ролунун бири - жакырчылык менен күрөшүү экени талашсыз. Бейөкмөт уюмдардын да башкы иши коомдогу эң кедей катмарга жардам берип, азык-түлүк, саламаттык сактоо, билим берүү кызматтарын убагында, сапаттуу жүргүзүүнү камсыздоо эмеспи. Албетте, дал ушул багытта бир топ кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бейөкмөт уюмдардын ишмердиги чектелсе, коомдун аялуу катмарына жардам берүү демилгелери азаяры шексиз. Биринчи кезекте элге кам көрүү бийликтин милдети да. Бирок Кыргызстан дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй эле өкмөттөн тышкары ар түрдүү уюмдардан көмөк алып келет. Коомдогу аярлуу топторду колдогон ушул жардам токтоп калышы ыктымал.

- Кыргызстан постсоветтик чөлкөмдө жарандык коомдун күчтүүлүгү, сөз эркиндиги менен айырмаланып келген. Эгерде сөз эркиндиги ушинтип чектеле берсе, бейөкмөт уюмдарды чектөө үчүн катаал чаралар көрүлсө өлкөдөн кесипкөй адистер менен капитал сыртка агылып, инвесторлор келбей коюшу мүмкүн деген кооптонуу күч. Бул канчалык негиздүү аргумент?

- Албетте, биздин тажрыйба көрсөткөндөй, адам укугунун мыкты көрсөткүчтөрү менен ишкердиктин өнүгүүсү түздөн-түз байланышта. Ишкердик туруктуу, мыйзам үстөмдүгү орногон, адилет сот системасы бар чөйрөгө ыктайт. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда, Борбор Азияда муну биз байкаганбыз. Кыргызстандагы акыркы окуялар, албетте, ишкерлердин назарында экенин билем, балким бийлик туура эмес багытта бара жатканын да баалап жатышкандыр.

Эгерде абал ушундай улана берсе чет элдик инвесторлорго да таасири тийет. Кыргызстандыктар өз өлкөсү жашаганга жайлуу болбой калды деп кооптонушу мүмкүн. Ансыз деле миллиондон ашык адамдын чет жакта жүргөнү деле буга далил го. Балким тышкы мигранттардын саны да көбөйүшү мүмкүн. Менимче адам укугуна каршы иш-аракеттер коомдун бардык тармагына, оболу мыйзам үстөмдүгүнө жана экономикага таасирин тийгизет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG