Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

"Ички ишке кийлигишүүдө". Спикердин сунушу, Москванын реакциясы


Бишкек шаары

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-26-ноябрдагы Элдик курултайдын биринчи күнүндө улуттук тил маселесин козгоп, өлкөдөгү айрым аймактардын аталышын тез арада кыргызчалатуу зарылдыгын айтты. Спикер Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштырууну сунуш кылды.

Анын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары Кыргызстанда "орус тилин кодулоо болуп жатат" деген баа берүүгө жетишти. Кыргыз коомчулугу орусиялык депутаттардын жосунун "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" деп сыпаттап жатат. Азырынча бул тууралуу Жогорку Кеңеш да, өкмөт да комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Элдик курултайдын ачылышында "Биздин өлкөбүздө тилекке каршы көпчүлүк аймактарыбызда дагы да башка тилде, башка аталыштарда жер-сууларыбыз бар. Биз ошонун баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Анын бири - баш калаабыз Бишкектин төрт районун тез арада кыргызча аташыбыз керек", - деп айткан.

Төраганын бул билдирүүсүнө удаа эле Орусиянын Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары Светлана Журова "Говорит Москва" радиосу менен болгон маегинде демилге Кыргызстанда жашаган "орус тилдүү элдин укугун тебелөөгө жатат" деп билдирди.

"Бул жөн эле нерсе эмес. Бул - орус тилин толук сүрүп чыгууга багытталган кичинекей кадамдар. Мындан кымындай да күнөм санабайм. Балким биз азырынча мындай кылбагыла деп суранып, Кыргызстандагы орус улутундагы адамдардын укугун бузбоого чакырабыз. Ушундай боло берсе байланышыбыз үзүлөт", - деди Журова.

Мамдуманын депутаты Грузияда жана Украинада да "баары орус тилин кысуудан башталганын" эскертип, бул маселеге Орусиянын президентинин да кийлигишүүсү зарылдыгын белгилеген.

Орусиянын Коммунисттер партиясынын мүчөсү, Мамдуманын депутаты Александр Ющенко спикер Шакиевдин демилгесин "кыргыз бийлиги советтик өтмүшкө түкүрүп жатат" деп баалады. Бул тууралуу Орусияда чыккан Газета.ру басылмасы жазды.

"Райондордун атын өзгөртүүнү кубаттабайм. Балтика жээги, Украинадан тарта Советтер Союзуна кирген мурдагы республикалар, анын ичинде Кыргызстан бир ыкмада баратат. Кыргызстан Советтер Союзунда экономикалык жактан күчтүү, өз алдынча республика болуп калыптанган. Анын бардык потенциалы - советтик, андыктан советтик өтмүшкө түкүрүү алыска алып барбайт", - деген Ющенко постсоветтик аймактагы "антисоветтик тенденциянын артында Батыш турат" деген көз карашы менен бөлүшкөн.

Райондордун аталышын кыргызча которуу демилгесин Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Новиков да сындап, Кыргызстанда "антисоветтик рецидив" башталганын айтты.

Жогорку Кеңештен жооп

Мамдуманын өкүлөрүнүн бул айткандары кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга жем таштады. Көптөр муну Москванын эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсү катары баалап жатат.

Депутат Камила Талиева орусиялык кызматташы Журовага жооп берип, анын айткандарын "Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү" деп сыпаттады.

"Кыргызстанда гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет", - Талиеванын билдирүүсүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.

Анда эл өкүлү административдик-аймактык аталыштарды өзгөртүү - эгемен өлкөнүн ички иши экенин белгилеп, мындай аракеттин Кыргызстан менен Орусиянын алакасына эч кандай тиешеси жок деп эсептейт.

Журналист, талдоочу Миржан Балыбаев парламенттин басма сөз кызматы эле Мамдумага жооп бериши керек деп санайт:

"Ал депутат мамлекеттик думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары болсо, биз тараптан да парламенттеги эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары жооп бериши керек деген ойдомун. Орусиялык депутаттын бул пикирине карата кыргыз тараптын сын-пикирин көрсөтүү үчүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын деңгээлинде гана жооп беришибиз керек".

"Кыргызчалоо демилгеси ишке ашпайт"

Ошол эле маалд баш калаанын райондорунун аталыштарын кыргызча которуу баары бир ишке ашпайт деген пикирдегилер да бар. Алардын бири жарандык активист Чоробек Сааданбек аталыштарды алмаштыруу тууралуу демилгелер мурда да болгонун эске салды.

"Чын эле биздин бийлик бул кадамга барып, район аталыштарын кыргызчалап ийет дегенге мен ишене бербейм. Буга чейин деле бардык иш кагаздарын кыргызчага которуу, расмий жазышууну жалаң кыргызча кылалы деген демилгелер болуп, бирок ишке ашкан эмес. Акыркы ирет баш прокурор "мамлекеттик иш кагаздардын баарын кыргызча кылалы" деген сунуш кылган. Бирок анын бул билдирүүсүнө Орусиянын биздеги элчиси тынчсыздануусун билдирди. Ошентип ал демилгенин да дымы чыкпай калды. Демек, бул демилгенин деле жыйынтыгы болбойт деп ойлойм".

Бишкек шаары төрт районго бөлүнөт. Алар - Биринчи май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондору.

Райондордун атын кыргызчалоо демилгеси бир нече жылдан бери көтөрүлүп келет.

16-ноябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Кыргызстанда айыл, аймак, район жана облус аттарын жапырт кыргыз тилинде атоо 1991-жылы эгемендикти алгандан тарта башталган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG