Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

"Кыргыз класс толбой калды". Эне тилинде окуй албаган балдар


Кемин шаарында балдарын кыргыз класстарга киргизе албаган ата-энелер, кыргыз класс ача албай убара тарткан мугалимдер. Коллаж.
Кемин шаарында балдарын кыргыз класстарга киргизе албаган ата-энелер, кыргыз класс ача албай убара тарткан мугалимдер. Коллаж.

Кемин шаарындагы мектепте быйылкы окуу жылынын башында кыргыз тилдүү класс ачылып, эки күндөн кийин кайра жабылып калган. Мектеп жетекчилиги буга класстагы окуучулардын санынын аздыгы себеп болгонун айтууда. Билим берүү багытындагы адистер мындай көрүнүш эне тилдин өнүгүшүнө терс таасир берет деп кабатыр.

"Неберемди даярдоо классына кайра бердик"

Кемин шаарынын 60 жаштагы тургуну Гүлжан Молдалиева кыргыз тилинде билим алсын деп небересин былтыр Бишкектен алып келип, ушул мектептин даярдык классына киргизген. Быйыл кыргыз тилде окуткан 1-класс ачылбай калып, небереси кайра даярдоо классына барган.

"Неберем өзү жоош, кыргыз тилдүү бала. Ата-энесинин мындан башка дагы эки баласы бар, алар Бишкекте турат. Биздин жаныбызда болсун, кыргыз тилдүү мектепте билим алсын деген ниет менен неберемди Кеминге алып келгенбиз. Кыргыз тилдүү класс ачылат деп кубанып, китептерине чейин өзүм сатып алып, камданганбыз. Анан эле кыргыз класс ачылбайт, балдар жетпей калды, класс толук эмес деп айтышты. Директор Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу экенин айтты. Мен жана дагы башка 9 баланы ата-энеси кыргыз класска бергенбиз. Алардын көбү айылга, башка мектептерге жана орус класстарга балдарын киргизип койду. Биз болсо кайра нөлүнчү класска отурдук".

Гүлжан Молдалиева небереси менен сабак окуп жатат.
Гүлжан Молдалиева небереси менен сабак окуп жатат.

Кеминдеги №2 мектепте кыргыз тилдүү 1-класска тогуз эле окуучу жазылган. Билим берүү жана илим министрлигинин жобосуна ылайык, мектепте жаңы класс ачылышы үчүн кеминде 15 окуучу болушу керек. Молдалиеванын айтымында, классы жабылып калган тогуз баланын жарымы орус класска которулуп, айрымдары коңшу айылдардагы мектепке каттап окуп жатышат. Калган төрт окуучуну ата-энеси ошол эле мектептин даярдоо классына кайра берген.

Кемин шаарында мындан башка дагы эки мамлекеттик мектеп бар. Анда эки тилде билим берилгени менен ата-энелер үчүн балдарын ал жакка алып баруу ыңгайсыз.

"Анын үстүнө үйгө жакын бул билим уясы менин көңүлүмө да жакын, балдарымдын баары ушу жерден учуп чыккан. Кыргызстанда туруп, кыргызча окута албай атканыма арданып кетем, муну мен өкмөт өз тилин өзү басмырлап атат деп айтат элем. Болбосо он бала болсо да эне тилинде окусун, билим алсын деп далалат кылбайбы. Тескеринче, орус тилге ыктап, "бул ата-эненин тандоосу" дешет. Менин тандоом, менин баламдын тандоосу кайда калды? Биздин оюбуз менен эсептешкен эч ким жок", - деп кейиди Молдалиева.

Сабак учуру.
Сабак учуру.

Башталгыч класстын мугалими Жазгүл Тыналиева орус класска көчкөн балдарга билим алуу оор болуп жатканын жашырбайт. Балдарын орус класска берген ата-энелер көбөйүп, мектепте көп жылдан бери иштеген кыргыз тилде окуткан мугалимдер ишсиз калып жатат дейт ал.

“Азыр класста 34 бала бар, баары кыргыз. Анын төртөө кайра келген балдар. Сабакты эки тилде өтөм, алгач орус тилинде, анан артынан кыргыз тилинде түшүндүрүп берем. Себеби бул балдар орус тилинен кыйналышат, эне тили алар үчүн ыңгайлуу. Бул мен үчүн да ыңгайсыз, убакыт көп кетип калат. Быйыл орус класс ачылып, кыргыз класс жок болгондуктан, бул балдар нөлүнчү класска кайра отурду. Азыр классыбызда бир дагы орус бала жок, бирок ошого карабай ата-энелер орус класс тандашат. Азыр кыргыз класстар жабылып жаткандыктан, мына 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар кыргыз тилдүү мугалимдерибиз ишсиз калып отурат”.

Кеминдеги бул мектепте жалпы 355 окуучу билим алат. Анда быйыл 1-класстар үчүн жалгыз орус класс ачылып, анда 35 бала окууда. Мектеп жетекчилиги бир эле нөлүнчү класс ачып, ал жерде 34 бала орус тилинде билим алып жатат. Мында 28 педагог эмгектенип, алардын жетөө башталгыч класстарга сабак берет. Кыргыз класстардын ачыла элек жатып жабылып калышынан улам азыр 40 жылдап эмгектенген мугалимдер жумушсуз калуу коркунучунда турат.

Мектептин жаңы дайындалган директору Гүлжан Жапарова кыргыз тилде билим алгысы келген балдардын укугу корголбой калганын айтат.

“Ата-эненин, балдардын укугу деген кайда калды? Мына быйыл он баланын укугун тебелеп, аларды каалабаса да орус класска киргизип койдук. Алардан сен орусча окуй аласыңбы? Кыйналбайсыңбы? Сенин тандооң кайда калат дебей туруп зордоп орус класска киргизип койдук. А бирок алар кандай адам болуп калыптанат, кандай билим алат деген суроо эч кимди ойлондурган жок. Тилекке каршы, ата-энелердин да ою кыска болууда, алар балдарын эмитен миграцияга даярдап, Орусияга барса тил билбей калат деп айтышат. Алар ошондой эле орус класс күчтүү болот деп ойлошот. Бирок кыргыз класстарда да тажрыйбалуу, мыкты окуучуларды тарбиялап чыгарган педагогдорубуз бар. Алардан башталгыч билимди алган балдардын арасында азыр чоң ийгиликтерге жетишкендери да бар. Бирок ата-энелердин өз тандоосунан улам тажрыйбалуу мугалимдерибиз да отуруп калды. Алар үчүн бул көрүнүш оор тийүүдө, ошондуктан айрымдары квалификациясын өзгөртүп, кыргыз тилчи болуп, аз саат алып иштеп жатышат".

Министрликтин түшүндүрмөсү

Билим берүү жана илим министрлиги класс ачуу боюнча өкмөттүн 2013-жылы кабыл алган токтомун негиз келтирип, анда атайын талаптар бар экенин билдирди. Министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева мында балдардын укугу бузулбаганын айтууда.

“Эгер мектепте 100 бала болсо, анда бир класста 7-8-9-10 бала менен иш алып бара берсе болот. Ал эми 350-1000 балага чейин болсо, ар бир класста 24 баладан кем болбошу керек. Министрликтин бюджетин өкмөт белгилеп бергендиктен, биз 5 же 10 бала менен класс ачып иштей албайбыз. Кийинки жылы бул мектепте кыргыз тилдүү класска барам деген балдар ондон ашса, класс ачып беребиз. Биз бир да баланын укугун бузган жокпуз, ар бир баланын ата-энесине менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бала ошол жерде жайгашкан башка мектептерде каалаган тилинде билим ала берет. Балдардын санына жараша класс ачылат деген система алыскы айылдардагы мектептерге тиешелүү эмес. Мисалы, сырт өрөөндөрдө жашагандардын балдарын айылдарга алып келгиче ошо жерде класс ачып берүү алда канча ыңгайлуу”.

Министрлик мамлекет коюп берген талаптардан тышкары класс ачылса, эсеп палатасы жана прокуратура органдары текшерип, маселе жаралышы мүмкүн дейт.

Министрлик өлкөдөгү мектептердин 83 пайызында кыргыз тилде билим берилерин айтууда. Бирок Кеминдеги мектептеги сыяктуу окуялар кыргыз тилдүү класстардын азайышына алып келерин айтып чочулагандар да бар. Билим берүү жаатындагы адис Бакытбек Абдуллаев кыргыз тилдүү класстарга болгон суроо-талаптарды күчөтүү үчүн жакшы кадрларды даярдоо зарыл экенин белгилейт.

"Бул көрүнүш кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Ошол себептен мамлекет кыргыз тилдүү дасыккан кадрларды даярдоого ыкташы керек. Андан сырткары кыргыз тилиндеги сапаттуу окуу материалдарын да чыгаруу зарыл. Азыр карап турсаңыз, көпчүлүк жакшы китептер орус тилинде жазылган, анан ата-элердин да ички өксүгү бардай. Алар "мен окуган эмесмин, эми жок дегенде балам орус тилди окусун" деп эле орус класска берип коюп жатат".

Кыргызстандагы 2333 мектептин 1399да жалаң кыргыз тилинде билим берилет. Калган 247 мектепте орус, 28инде өзбек жана 656 билим уясында эки же андан көп тилде окутулат.

Кемин: Эне тилинде окуй албаган балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:39 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG