Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:04

"Жеткинчектердин 70 пайызы жөнөкөй текстти окуп түшүнбөйт"


Томоя Сонода.
Томоя Сонода.

Улуттук статистика комитетинин "Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөсүнүн" жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы 7-14 жаштагы окуучулардын 42 пайызы окуган тексттин түшүндүрүп бере албайт. Ал эми ушул эле курактагы окуучулардын 48% математикалык көндүмдөрү талапка жооп бербей турганы аныкталган. Мындан башка изилдөөлөрдүн жыйынтыгы да мындан көп айырмаланбайт.

"Дүйнө жүзү боюнча, кирешеси төмөн, орто жана жогору болгон өлкөлөрдө он жаштагы балдардын дээрлик үчтөн экиси (70 пайызы) бүгүнкү күндө жөнөкөй текстти окуп, түшүнө алышпайт",-деди "Азаттыкка" курган маегинде ЮНИСЕФтин Билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Томоя Сонода. Биз аны менен Кыргызстандагы окуучулардын билим алуусундагы башкы көйгөйлөр жана анын себептери тууралуу​ маектештик.

- "Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн" жыйынтыгы билим берүү тармагында жана жеткинчектердин сабаттуулугу үчүн канчалык олуттуу маселе деп ойлойсуз?

- Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапаты улуттук артыкчылык болуп саналат. Окутуунун төмөн жыйынтыктарына байланышкан көйгөй COVID-19 пандемиясына чейин эле актуалдуу болуп келген. 2006-2009-жылдардагы Окуучуларды эл аралык баалоо программасынын (PISA), ошондой эле 2007-2009-2014 жана 2017-жылдардагы Билим берүүдөгү прогресстин улуттук баалоосунун (NAEP) жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргызстанда окуучулардын 50 пайыздан көбүнүн окуу, математика жана табигый илимдер боюнча жетишүүсү базалык деңгээлге жете алган эмес. Сабаттуулук жана эсеп чыгара алуу боюнча базалык көндүмдөр болбосо, балдар жана жаштар андан ары билим алууда, көндүмдөрүн өркүндөтүүдө жана каалаган жумушуна орношууда олуттуу тоскоолдуктарга туш болушат.

- Окуучулардын билим көндүмдөрү боюнча артта калуусунун негизги себептери кайсылар?

- COVID-19 пандемиясынын кесепеттери билим берүү системасына олуттуу терс таасирин тийгизди. Анткен менен, COVID-19 пандемиясына чейин эле Кыргызстанда балдарды окутуунун жыйынтыктары чеке жылытарлык эмес болчу.

Балдардын мектепте жана анын тышында билим алуусуна таасирин тийгизген факторлордун кеңири өңүтүн да эске алуу зарыл. Мугалимдер балдарды окутууда жана класста сабак өтүүдө негизги ролду ойной турганы талашсыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 82 миңден ашык мугалим бар. Мугалимдерди үзгүлтүксүз түрдө кесиптик жактан өнүктүрүүдө донорлор жана кызыкдар тараптар Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көрсөтүп келатат. Бирок мугалимдердин компетенттүүлүгүн, педагогикалык жөндөмүн, предметти билүүсүн, жеке мотивациясын, санариптик жана башка көндүмдөрүн андан ары жогорулатуу үчүн дагы көп иштер жасалышы керек. Алардын насаатчылыгына жана карьералык илгерилөөсүнө колдоо көрсөтүп туруу да абдан маанилүү.

Окуу программаларына токтоло турган болсок, бул жерде кандайдыр бир жылыштар байкалат. Бирок кайра каралып чыккан окуу пландарында окуучуларга багытталган жана долбоорлорго негизделген окутуу үчүн мурдагыдай эле аз көңүл бурулуп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окутуу системасына өтүүнү пландаштырууда. Бул жакынкы келечекте окуу программаларын кайрадан карап чыгууну, тиешелүү материалдарды камдап, мугалимдерди жаңы программага даярдоону талап кылган маселе. Өкмөт жана өнөктөштөр окутуунун жыйынтыктарын жакшыртуу үчүн системаны реформалоого ресурстарды жумшап жаткан чакта мугалимдер менен диалог жүргүзүп, алардын да ой-пикирлерине кулак төшөө маанилүү болуп турат.

- Бул факторлор балдардын келечегине кандай таасир тийгизчүдөй?

- Балдар жана жаштар мындан ары да билим алууга, кыялындагы жумушка орношуп, коомдун жашоосуна катышууга умтулганда негизги жана өздөштүрүлчү көндүмдөргө ээ болгону абдан маанилүү. Эгерде алар бул багытта көндүмдөрдү өздөштүрө албай калышса, мунун натыйжасында жумушсуздуктун көрсөткүчү жогорулайт, алар аялуу катмарга кирип калышат, буга кошумча кылмыштуулук жана зордук-зомбулук да көбөйөт.

- Муну бир гана билим берүү системасынын чекилиги же өзгөрүүгө муктаж экени деп кароо керекпи? Бул көрүнүшкө баланын саламаттыгы, денинин сак өнүгүүсү да таасирин тийгизеби?

- Бул окуу кризиси баарынан да аялуу балдарга көбүрөөк таасирин тийгизип жатат, бул кризис жакырчылыктын жана муундар ортосундагы теңсиздиктин негизги себептеринин бири болуп саналат. Киреше деңгээли төмөн өлкөлөрдөгү балдар менен кирешеси жогору өлкөлөрдөгү ошол эле курактагы балдарды салыштырып көрөлү: 10 жашка толгонго чейин окуу көндүмдөрүн өздөштүрүүнүн минималдуу деңгээлине жетүү ыктымалдуулугу жети эсе аз. Кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда, айрым баалоолорго ылайык, 10 жаштагы балдардын 70 пайызы жөнөкөй аңгемени түшүнө алышпайт. Бул демек, 40 бала билим алган класста 28 окуучу китепти да, тактада жазылгандарды да окуй алышпайт.

- Сиз актуалдуу деп белгилеген маселе боюнча мамлекет кандай иштерди алып барышы керек?

- Учурдагы билим берүү системасы бир жылдык мектепке чейинки билим берүүнү (алты жаштан баштап) жана 11 жылдык милдеттүү акысыз баштапкы жана орто билим берүүнү (1-11-класстар) камтыйт. Бирок, учурдагы 11 жылдык окуу программасы университеттерге өтүү үчүн коюлган эл аралык талаптарга, б.а. 12 жылдык мектептин билим берүүсүнө дайыма эле жооп бере бербейт. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги бара-бара 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнү көздөп жатат, баштапкы маалыматтар боюнча бул 2024-2025-окуу жылында башталат. Жаңы система боюнча бала биринчи класска алты жашында бара баштайт деп күтүлүүдө.

Бул өзгөрүүлөр мектеп инфраструктурасын реформалоону, кошумча окуу программаларын даярдоону жана билим берүүдө жогорку жыйынтыктарга жетүү үчүн сабак өтүү жана окутуу ыкмаларын жаңылап чыгууну талап кылат. ЮНИСЕФ жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка кызыкдар тараптар тажрыйбасы жана ресурстары менен бөлүшүп, учурдагы реформаларды ишке ашырууда өкмөткө колдоо көрсөтүп жатышат.

- ЮНИСЕФтин да бул багытта жүргүзгөн изилдөөлөрү болсо керек?

- ЮНИСЕФтин жакында эле жарык көргөн “Балдар чындап эле окуп жатышабы?” деп аталган глобалдык отчетуна ылайык, Кыргызстанда үчүнчү класста окуган балдардын жарымынан азы окуу жана эсеп чыгаруу боюнча негизги көндүмдөргө ээ.

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаштар арасында билим берүү маселелери боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Бул сурамжылоо Билим берүүнү өзгөртүү саммитине салым кошуу максатында уюштурулган. Саммит 16-19-сентябрь күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында БУУнун Башкы катчысынын колдоосу астында өткөн. Кыргызстан да саммитке катышып, билим берүүнү өзгөртүү боюнча өзүнө улуттук милдеттенмелерди алды.

- Бул бир гана Кыргызстанда кездешкен көйгөйбү же мындай тенденция дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө да байкалабы?

- Дүйнө жүзү боюнча, кирешеси төмөн, орто жана жогору болгон өлкөлөрдө он жаштагы балдардын дээрлик үчтөн экиси (70 пайызы) бүгүнкү күндө жөнөкөй текстти окуп, түшүнө алышпайт. Бүткүл дүйнө окуу кризисинин сазына батып турган кез. Бул көйгөйдү COVID-19 пандемиясы да ого бетер курчутту, бул пандемия “окуунун жакырчылыгы” катары да таанылды. Мындай балдардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жана жамааттарынын келечеги кылдын учунда турат, себеби билим берүү системалары өмүр бою билим алуу үчүн зарыл болгон негизги көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк бере албай жатышат.

Глобалдык деңгээлде бул кризистен чыгуу максатында ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү окутууну калыбына келтирүү үчүн АОӨОА (RAPID) концепциясын иштеп чыгышкан. АОӨОА концепциясы өлкөлөр мындан ары эмнелерди жасаш керектигине жана окуу системасындагы учурдагы кризисти жеңип, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн көптөр жасап жаткан иштерге көңүлдү бурат. Концепциянын беш элементи төмөнкүлөр:

  • Ар бир баланын мектепте окууну улантуусуна көмөктөшүү;
  • Окутуу деңгээлин туруктуу түрдө баалоо;
  • Өмүр бою билим алуунун курулуш материалы катары фундаменталдык негиздерди үйрөтүүгө артыкчылык берүү;
  • Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде кайсы бир себептерден улам үлгүрбөй калганын кайра окуунун эсебинен үйрөнүү; жана
  • Ар бир бала окууга даяр болушу үчүн психосоциалдык саламаттыкка көңүл буруп, бакубатчылыкка умтулуу.

- Азыркыдай кырдаалда ата-эненин ролу канчалык? Алардын алдына кандай милдеттер коюлушу керек деп ойлойсуз?

-Ата-энелер жана тарбиячылар балдарды үй шартында окутууда маанилүү ролду ойношот. Мисалы, мектепке чейинки билим берүүдө ата-энелердин катышуусу абдан зарыл, алар балдары менен ойноп, китеп окууга убакыт бөлсө, мунун баары балдардын мектепке даярдыгына салым кошуп, аларда окуу маданиятын калыптандырууга жардам берет.

Балдардын бакубатчылыгына жана билим алуусуна көмөктөшүү үчүн ата-энелердин көндүмдөрүнө жана жигердүүлүгүнө көбүрөөк колдоо көрсөтүү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG