Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Мыйзамды кыргызча жазуу талабы ишке ашабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мындан ары мыйзамдар кыргыз тилинде жазылышы керек деген демилге көтөрүп чыкты. Айрым тилчилер кыргыз тилинде мыйзам жазган адистер жок экенин айтышууда. Ал арада коомчулукта айрым мыйзамдар Орусиядан көчүрүлүп келгени да кызуу талкууга түшүп жатат.

Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керектигин 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик аппараттын бөлүм башчыларынын жыйынында айтты:

"Биз бардык киш кагаздарды кыргыз тилинде кынтыксыз, катасыз даярдашыбыз керек. Анткени алгач мыйзам чыгаруу органы өзү башкаларга үлгү болушу шарт. Бул сунушту өкмөткө да айталы. Мыйзам биринчи кыргыз тилинде жазылып, андан соң расмий тилге которулушу керек. Буга чейин тескерисинче болуп келген. Бул туура эмес. Стилистикалык, орфографиялык, грамматикалык жактан да каталарга жол берүүнүн биринчи себеби мыйзам кыргыз тилинде жазылбаганында”, - деди Шакиев.

Төрага мыйзам долбоорлорунун түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, каталарга жол бербөө негизги милдет болушу шарт экенин кошумчалаган.

Бул жыйынга парламенттин тармактык комитеттеринин бөлүмдөрүнүн жана фракциялардын катчылыктарынын жетекчилери катышкан. Анда мыйзамды эне тилде жазуудан сырткары документ жүгүртүүнүн баарын электрондоштуруу, бюрократияны жоюунун маанилүүлүгү, Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн, “Парламент” радиосунун ишин кайрадан күчтөндүрүү керектиги тууралуу сөз болду.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын мурдагы жетекчиси Сыртбай Мусаев буга чейин өлкөдө кыргыз тилинде мыйзам жазуу тажрыйбасы болбогонун айтат. Анын пикиринде, буга чейин айрым мыйзамдар Орусиядан көчүрүлүп алынган, андагы айрым сөздөр которулбай эле мыйзамга кирип кеткен.

“Бул маселе эгемендик алган күндө деле ордунан жылган жок. Анткени биздин жетекчилердин бардыгы Орусиянын оозун карап калган. Мурда Ельцинден, Брежневден коркуп келсе, бүгүн Путинден коркушат. Экинчи жагынан бул кыргыз тилинин начардыгы же жардылыгы эмес, мамлекеттик тилди билбеген чиновниктердин сабатсыздыгынан”.

Буга чейин Factcheck.kg сайты президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамы дээрлик толугу менен Орусиянын ушундай эле мыйзамынын көчүрмөсү экенин жазып чыккан. Аталган редакция эки мыйзамдагы окшоштук 66 пайыздан 100 пайызга чейин түзөрүн белгилеген.

Мыйзамдын жаңы долбоорун президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү иштеп чыкканын улуттук “Кабар” агенттиги билдирген.

Филология илимдеринин доктору Аттокур Жапанов 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексин кыргызча жазып чыккандардын бири. Ал мындан ары мыйзамдардын түп нускасын мамлекеттик тилде жазууну колдойт. Бирок тармакта дасыккан адистер жокко эсе экенин белгилеп, ал үчүн кошумча айлык акылар каралышы керек деген ойдо.

“Ал адистерди даярдоо үчун атайын кайсы бир жакка жиберип окутуунун деле кереги жок. Алар иштеген мекемеге кошумча айлык акы берип, тапшырма берсе эле чыгышат. Мен сөз берем, 40 күндө чыгат”.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Доктурбек Осмоновдун айтымында, мыйзамдарды кыргызча иштеп чыгууда тилчилер менен юристтердин ортосунда айрым учурда талаш да жаралууда:

“Мисалы, орусчада "лишение свободы" деп турат. Биз юристтер "эркинен ажыратуу" деп колдонобуз. Бул кылмыш жасаган жактарга колдонулат. Ал эми президенттик аппараттын бир тилчиси мага “свобода” деген сөз кыргызча эркиндик болгондон кийин, "эркиндигинен ажыратуу" деп жазыш керек дейт. Эгер мындай жазыла турган болсо, маселен, сот кайсы бир айыпталуучуга карата өз өкүмүндө “эркиндигинен ажыратылсын” деп белгилеп койсо, анда отурумга катышкан адвокат “айыпталуучуну кайсы эркиндигинен ажыраттыңыз, сүйлөө эркиндигиненби же басма сөз эркиндигиненби, же болбосо эркин басуу эркиндигинен ажыраттыңызбы" деп суроо коё турган болсо, бир да сот жооп таба албай калат”.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG