Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Он жолу оңдолгон Баш мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.

5-май - Кыргызстандын Конституциясынын күнү.

Эгемен өлкөнүн биринчи Конституциясы кандай шартта кабыл алынган? Конституциянын байма-бай жаңыртууга эмне себеп болду? Азыркы Баш мыйзам парламенттик башкарууну өнүктүрүүгө өбөлгө болуп бере алабы? Дегеле мамлекеттин келечеги үчүн Конституциянын ролу, орду кандай болушу керек? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга «легендарлуу парламенттин» депутаты Кемел Ашыралиев жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.

«Азаттык»: - Кемел аба, сиз «легендарлуу парламенттин» депутаты болгонсуз. Эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясын кабыл алууга катышкансыз. Ошол маалды эстесек, Баш мыйзам кимдер тарабынан даярдалган, кандай шартта, кырдаалда кабыл алынды эле?

Кемел Ашыралиев.
Кемел Ашыралиев.

Кемел Ашыралиев: - Биринчи Конституцияны кабыл алганыбызга 27 жыл болуптур. 1991-жылы 31-августа Кыргызстандын көз каранды эместигинин декларациясын кабыл алгандан кийин эле Баш мыйзамды жазууга кириштик. Президент Акаев, парламент төрагасы, алты облустун губернаторлору, юристтер - жалпысынан 13 кишиден турган биринчи комиссия түзүлдү. Биринчи эле кеңешмеде «Конституцияны жакшылап иштейли, көп жылдарга өзгөрбөгөн бекем документ болсун» деп катуу сөз болду. «Американын, Европа өлкөлөрүнүн, дегеле колубуз жеткен көп мамлекеттердин конституцияларын алып окуйлу, үйрөнөлү» деген сунуштар айтылды. Ал жерде президенттин Левитин деген юристи бар болчу, ага чет өлкөлөрдүн баш мыйзамдарын алдыртуу тапшырылды. Кийин комиссиянын курамы 50 кишиге көбөйдү, ага жигердүү депутаттар, окумуштуулар, жазуучулар ж.б. киришти. Биринчи Конституция баш-аягы эки жарым жылдай талкууланды. Парламенттин курамы да өзгөчө эле: чарбалык, советтик кызматкерлер, окумуштуу-илимпоздор, академиктер, жазуучулар, башка улуттун өкүлдөрү да көп эле, баары талкууга кызуу катышкан. Конституцияны ар бир сессияда талкуулап жатып, бышырдык. Кызык факты, Конституцияны биринчи окуудан кабыл алып жаткан вариантында «президент өкмөттү да башкарат» деп жазылган болчу. Президент Акаев ушул биринчи вариантка макул болгон. Кийинки талкууда Текебаев «президент, өкмөт, парламент өз-өзүнчө болушу керек, биригип калган болбойт» деп чыкты. Анан Акаев аны да туура көрүп, «президент өзүнчө, өкмөт өзүнчө калсын» деп калды. Жалпылап айтканда биринчи Конституция күчтүү президентке, күчтүү парламентке укук берген документ болгон.

«Азаттык»: - Бекбосун агай, акыркы жылдары коомчулукта «1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияга кайра кайтышыбыз керек» деген пикирлер айтылып жүрөт. Мындай пикирлердин жүйөсү барбы? Болсо ага эмне себеп? Дегеле биринчи Баш мыйзамдын саясий, укуктук баалуулугу эмнеде?

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Бекбосун Бөрүбашев: - 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзам ошол убакта калыптанып келаткан мамлекеттик түзүлүштү бекемдөөгө, бийлик бутактарынын укуктук ченемдерин аныктоого, адамдын укуктарын коргоого негиз болуп бергенин жашырбайлы. Конституциянын эң негизги мааниси ушунда. Бирок 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын чоң кемчилиги – анын Батыштан көчүрүлүп келгенинде болду. Бардык талкуулардагы негизги маселе «бийликти президентке, парламентке же өкмөткө беребизби» деген темалардын тегерегинде болгон. Бийликтин туткасы эл экендигин унутуп коюшкан. Ооба, эгемендиктин алгачкы он жылында ошондой күчтүү президенттик бийлик керек болгондур. Дагы 10 жылдан кийин ал принциптер иштебей калды, эскирди. Азыр мамлекеттик бийлик күчтүү, эл менен эч ким эсептешпейт, «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» жатат. Ошондуктан элдик бийлик орното турган Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Кандай гана Конституция болбосун идеологиянын негизинде түзүлөт. Кыргызстандын азыркы Баш мыйзамы батыштын либералдык идеологиясынын негизинде түзүлүп калган. Эгер биз Конституцияны өзгөртө турган болсок, ири алдыда анын идеологиялык базасын карап чыгышыбыз керек. Ал эми 1993-жылдагы Конституцияга кайтуунун эч кажети жок, андай ойдо болгондор - кыргыз мамлекетинин курулушунун өзгөчөлүгүн билбегендер.

Кемел Ашыралиев: - 1993-жылдагы Конституция кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңеш күчтүү экендиги дароо билинди. Акаевдин бир топ сунуштары, кадрлык дайындоолору парламенттен өтпөй калып жатты. Кумтөр маселеси чыкты, ага да Жогорку Кеңеш каршы чыкты, Чыңгышев өкмөт башчылыктан кетти. Ушундайды көргөн Акаев парламенттен кутулууну көздөп, конституциялык реформаны шылтоолоп, референдум өткөрүп, бийликти баарын өзүнө алып тынды да.

Бекбосун Бөрүбашев: - Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгелер бийлик башында тургандардын өзүмчүлдүгүнөн келип чыккан. Кыргызстанда 10 жолу Конституция өзгөрдү. Бардык талкуулар мамлекетти башкаруунун формасынын тегерегинде, бийлик бутактарынын статусу жөнүндө эле болуп келатат. Мында да кыргыздын бүтүндөй саясий элитасы өзүмчүлдүгүн көргөзүп келатат. Бизде саясий режимдин негизи - демократия. Демократияга байланышкан көп маселелер чыгууда. Тилекке каршы, биздин саясий элита бул маселени көтөрбөйт. Бизде демократия кагазда гана жазылган, иш жүзүндө жок...

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

Он жолу оңдолгон Баш мыйзам
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:55 0:00
Түз линк


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG