Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Жээнбеков үч бийликтен үндөштүк күтөт


Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. 27-май, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. 27-май, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-майда Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту.

Президенттин басма сөз кызматы анда «өлкөдөгү олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду» деп билдирди, бирок кандай тема тууралуу сөз болгонун тактаган жок. Бул жолугушуу соңку чуулгандуу окуялардан улам өкмөткө, парламентке жана сот тармагына, айрым сот чечимдерине нааразылык күчөп турган маалга туш келди.

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун бийликтин үч бутагынын жетекчилери менен жолукканы тууралуу алакандай гана билдирүү таратты.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Мамлекет башчы аларды өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашырыш үчүн чогуу иштөөгө чакырды. Актуалдуу маселелердин бири катары ал сот-укук реформасын жүргүзүүнү атады. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруунун зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи. Андан сырткары экономикадагы, сот-укук чөйрөсүндөгү, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун кылдат кароонун жана кабыл алуунун маанилүү экенин белгиледи», деп жазылат расмий маалыматта.

Социалдык тармактарда бул жолугушууну «президент ушул тушта кызматтан кетер-кетпеси тууралуу сөздөр күчөп турган премьер-министрди, бийликтин саясий оппоненттерине байланыштуу айрым сот чечимдерин кубаттай турганын тымызын ишара кылды» деп баалагандар да болду.

Эксперт Шерадил Бактыгулов бул жолугушууну эң ириде өкмөттөгү каатчылык менен байланыштырды:

«Өкмөт азыр саясий кризиске кептелди. Экинчи маселе - 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык башталды. Бийликтин азыр башкы оппоненти - бул КСДП. Алар «бийликке каршы ар кандай акцияларды уюштурабыз» деп убада беришкен. Бул коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдай. Буга көңүл буруш керек. Бийликтин үч бутагынын биргелешип иштеши зарыл болуп турат. Азыр экономикада, өкмөттө кризис болуп жатат. Балким кийинчерээк ички саясатта да кризис болушу ыктымал».

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, президент коомчулукта резонанс жараткан, камакка алуу, кызматтан кетирүү менен аяктаган соңку окуяларды талкуулап гана тим болбостон, сөзсүз пикирин билдириши зарыл.

Динар Ошурахунова.
Динар Ошурахунова.

«Ошол эле «Раим миллион» чыкты, экс-президент боюнча мыйзам кабыл алынды, УКМКнын жетекчиси кызматтан кетти, - деди ал. - Санариптештирүү боюнча иштеген адистер, Батукаевдин ишиндеги дарыгерлер камалды. Айрыкча социалдык тармактарда «коррупция менен эч кандай күрөш болгон жок, күрөш үзгүлтүккө учурады, ишеним жок, тандалма саясат болуп жатат» дегендей пикирлер басымдуулук кыла баштады. Коомчулук баарын таразалап жатат да. Ушундай окуяларга байланыштуу бийликтин бир да бутагы үн катпайт. Парламенттин спикери сүйлөбөйт же премьер-министр эч нерсе айтпайт. Президент алар менен жолугуп гана тим болбостон, ЖМК аркылуу соңку окуялар боюнча өзүнүн көз карашын, пикирин билдириши керек. Болбосо имиш сөздөр күчөй берет. Азыр эми парламенттин да, өкмөттүн да абалын көрүп жатабыз, алар эч кандай чечим кабыл ала албайт. Баарыбыз эле президентке кайрылып, «эмне дейт экен» деп эле анын сөзүн күтүп калдык».

Саясий серепчи Бекбосун Бөрүбашев бийлик бутактарынын алгоолошуп иштегенин кубаттайт жана соңку кырдаалда мындай жолугушуулар маал-маалы менен өткөрүлүп турушу керек деп эсептейт. Бөрүбашев ошол эле учурда бийликтин жоопкерчилиги тууралуу да кеп кылды:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Бийлик бутактарынын жетекчилерин чогултуп алып пикир алмашканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Булар ошентип иштеши керек. Азыр экономикалык, саясий-социалдык жактан нааразылык күчөп жатат. Ошолорду керек болсо күн сайын жолугуп сүйлөшүп туруш керек. Муну сенсация кылуунун кереги жок. Бул кадимкидей эле жумуш абалы. Экинчиден, өткөндө президент өкмөттү колдой турганын көрсөттү. Макул, өкмөттү колдосун. Эгер өкмөт жаман иштесе анда ага биздин президент да жооп берсин да? Анткени өкмөттү Жогорку Кеңеш дайындап, президент макулдугун берген да. Өкмөттөгү күч органдарын керек болсо президент бекитип жатпайбы. Ошондуктан президент «бул өкмөт начар иштеп жатат, буга мен да жооп берем» деп айтышы керек да. Мыйзамдык, укуктук жана моралдык жактан да ушуга барышы керек болчу. Президент эле эмес, парламент, фракциялар да жоопкерчиликти алышы керек эле».

Анткен менен талдоочу Төлөгөн Келдибаев болсо президент бийликтин үч бутагынын жетекчилери менен жолукканын сынга алды:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Жогорку Кеңештин төрагасын, өкмөт башчыны жана Жогорку соттун төрайымын кабыл алуу - бул бийликти узурпациялоонун бирден-бир белгиси. Себеби алар президентке баш ийе турган түзүмдөр эмес. Чакырып жыйын өткөргөнгө президенттин укугу деле жок. Кыргызстан 2010-жылдан бери парламенттик башкарууга өтө алган жок. Иш жүзүндө мурдагыдай, Акаев, Бакиевдин тушундагыдай эле Конституция менен, ошондогудай эле президенттик башкаруу менен жашап келе жатабыз. Өкмөттөгү саясий каатчылыктан кийин аткаруу бийлиги толук курамы менен өзү эле кызматтан кетиши керек эле. Жогорку соттун төрайымы, премьер-министр да азыркы күндө президентке көз каранды адамдар. Ошондуктан азыркы өкмөттүн кетер-кетпесин президенттин айланасындагы күчтөр гана чечет».

Сооронбай Жээнбеков Дастанбек Жумабеков, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Гүлбара Калиева менен былтыр так жыл жаңырар алдында, тактап айтканда, 31-декабрда жолуккан эле. Андан көп өтпөй, 14-январда Жогорку Кеңештин спикерин, фракция лидерлерин кабыл алган. Жогорку соттун төрайымы менен кайра 5-мартта кездешкен.

Президент премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана ал жетектеген өкмөттү колдой турганын өткөн айда парламентте кайрылуу жасаганда билдирген болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG